ВИДЕО — Элнура Кулуева Бабырбек Жээнбековдун акыркы аманатын жарыялады

ВИДЕО — Элнура Кулуева Бабырбек Жээнбековдун акыркы аманатын жарыялады
Эсен болуп, эстей жүр!
РЕДАКЦИЯДАН: Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын  Жээнбеков Бабырбек Субанович 30-сентябрда, саат 12-00дө «Достук» мейманканасындагы «Империя Холлдо» эскерилет.
Маркумдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» аталышта иш-чара өтөт. 3 гезитте («Назар», «Алиби», «Ачык саясат») иштеп кеткен журналисттер жана шакирттери эскерет. Бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да бар.
«Алакан»

Элнура КУЛУЕВА: «Көзүм өтүп кетсе, эскере турган сен бар экенсиң» деген»

«Алиби» гезитинин биринчи номери жарыкка чыкканда, ага алгачкы редактор болгон белгилүү журналист Элнура Кулуева  «Фейсбуктагы» баракчасына эскерүү калтырды. Ал алгач агайыбызды акыркы сапарга узаткандагы (2019-жылдын 23-мартында)жазганы менен бөлүшүп, анан акыркы аманатын жазды.

Бабыр байкенин кесиптештери менен түшкөн акыркы видеосу. Ушул күнү Бабыр байкенин маанайы көтөрүлүп, бир башкача олтурду. Ырдады ,бийледи, кубанды ,ыраазы болду… Бабырбек байкени бул иш-чарага атайын чакырдым эле. Элмурза агабыз Бабыр байкеге өз сыйын көрсөтүп, ызаатын көрсөттү. Бүгүн ушул видеону эстедим. Убагы келгенде чыгарам дегем… убагы бүгүн келди. Элмурза ага, сизге рахмат. Көзү тирүүсүндө жылуу сөз айтып, көңүлүн көтөрүп койдуңуз! Ошол учурларда Бабыр байке биздин бир аз болсо да жакшы сөзүбүзгө муктаж эле. Көзү өтүп кеткен 120 журналисттин жаркын элесине арналган эскерүү кечебизде Бабыр байке: «Менин көзүм өтүп кетсе, эскере турган сен бар экенсиң»,-деп мени кучактап, ыраазычылыгын билдирген. Каза болоорго аз калганда мени чакырып…. 2 сааттан ашык кобураштык. Армандарын уктум. Ыраазычылыгын алдым. Бабыр байке жөнүндө эскериле турган ….,жазыла турган көп нерселер алдыда..

Акыркы аманат

Бүгүн бул жазгандарыма көп нерсе кошумчалагым келет. Көп нерсе айткым келет.
Бабырбек байкенин акыркы өтүнүчү:
«Алиби» гезитинин биринчи редактору болдуң. Сен «Алибини» кайрадан чыгар! Сага тапшырайын. Мен оорудан алаксып, редакцияга келип турайын»,- деди. Азыр эстесем бул мага болгон ишеним болуптур.
Көзү өтүп кеткен 120 кесиптешибизди эскерүү кечесинде Бабырбек байкеге олтурган жеринде микрофон берип сүйлөткөндө, бир башка толкунданып сүйлөгөн. Анан ушул чакан иш-чарада өзгөчө ыраазы болду. Көзү барда жылуу сөз айтып калгандын өзү да башкача экен.

Биз силерди эскеребиз”

Элнура КУЛУЕВА: “Эскерүү иш-чара өз максатына жетти деп эсептейбиз”
Ушундай аталыштагы иш-чараны Элнура Кулуева 2018-жылы ноябрда жогорку деңгээлде уюштурган. Анда Бабырбек Субанович журналисттер тууралуу айтты эле… Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрсөңүз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.