Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Өмүрүмдүн жарымы өтүп менин да, Өз жээгимден баратамын тартылып»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Өмүрүмдүн жарымы өтүп менин да, Өз жээгимден баратамын тартылып»
Белгилүү журналист, акын, котормочу, аналитик Жыргалбек Касаболот «Аккан суу» аталыштагы жапжаңы ырын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. 

Аккан суу

Ыңаалаган жакшылыктын жарчысы,
Ырыс-кешик өзү болуп алчусу,
Жаралганда карап турат түшүнбөй,
Жаңы туулган бир өмүрдүн тамчысы.
Көздөрүндө көк асмандын тегизи,
Көөдөнүндө толкуп-ташып деңизи,
Атаңгөрү, дооран сүрүп турганда
Адам чиркин чалкыйт экен, негизи.
Өз жолунда бир тирилип, бир өлүп,
Өмүрүндө сан жетпеген гүл өнүп.
Көр дүйнөдөн чаалыкканда курган жан,
Көлчүк болуп калат тура, түгөнүп.
Желип өткөн жердин бети сууланып,
Жеткичекти жети сыйра тууралып,
Асман жактан кайтыш үчүн жашоого
Аягында кетет окшойт бууланып.
Толкундарым тоо түбүнө артылып,
Толгон-токой туш тарапка чарпылып,
Өмүрүмдүн жарымы өтүп менин да,
Өз жээгимден баратамын тартылып.
Дарак болуп өсүп турат алганым.
Дайра болуп агып турат балдарым.
Дабан ашып ушул күнгө келгиче,
Далай жердин таманында калгамын.
Жайпап өтүп жаркылдаган гүлдөрүн,
Жан-дүйнөнүн тереңине киргемин.
Ойноп-күлүп он чакты жыл жүргөмүн,
Опасы жок канча жерге сиңгемин.
Ээликтирген албуут мүнөз токтоду,
Эми кайра келбей турган окшоду.
Эмнегедир ушул бүгүн көөдөнүм,
Эрте кеткен эсилдерин жоктоду.
Азыр деле жакшылыкка кол сунам.
Арманымды дарман менен толтурам.
Антсе дагы асылдарым эскерип,
Атаганат, азайгансып олтурам.
Келечектин тилектерин кең тилеп,
Келем жашап сыр билгизбей элчилеп.
Сорулганым көрсөтпөстөн жалтырап,
Соолуганым байкатпастан мелтиреп.
Бөксөргөндүн кыйын кайра толушу,
Бөлүнгөндүн кыйын бирге болушу.
Өкүнсөң да, кубансаң да өзгөрбөс
Өмүр ушу. Келип жеткен жол ушу.
Желедеги кулунчактар жетилсин,
Жентектешип далай тушоо кесилсин.
Жээгимдеги жел кайыктай асылдар
Жетпей калган толкунумду кечирсин.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
(29/09/21)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.