Москвада өткөн спорттук мелдеште Күмүшай Орозкулова жеңишке жетип, желегибизди желбиретти

Москвада өткөн спорттук мелдеште Күмүшай Орозкулова жеңишке жетип, желегибизди желбиретти

Спорттун “Каратэ-до” түрү боюнча Дүйнөлүк кубок Россиядагы Москва шаарында 18-19-сентябрда өткөрүлүп, ага каратэ-до спортунун алдыңкылары, мыктылары ат салышты. Андагы мелдеште ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 2-взводунун милиционери, милициянын улук сержанты Күмүшай Орозкулова 2-орунду ээлеп, өлкөнүн желегин желбиретти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Күн-түн тынбаган аракеттин аркасында ийгиликке жеткен Күмүшай Орозкулова: “Ар бир спортчу сынакка бараар алдында көз алдына жеңилген эмес, жеңгендеги кубанычын, сыйланып жаткандагы сыймыктуу көз ирмемдерин элестетип, кыялдана берет эмеспи. Менин да көз алдыма сынак алдында дал ушундай кыялдар тартылды. Кыялдарды орундатуу максатында, бул сынакка Кыргызстандан ичинде тандоо турунан утуп алган күндөн баштап эле тынбастан даярдык көрө баштадым. Ал эми 15-августтан баштап, башкы машыктыруучум Төлөн Жакшыбаев менен күчөтүлгөн тартипте күнүнө эки маалдан машыгуу өткөрүп жаттык. Учурдан пайдаланып, менин машыгуума шарт түзүп, жумуштан убактылуу уруксаат баргени үчүн ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобековго, мага болгон убактысын коротуп күн-түн машыктырган, ийгилик жаратышыма ишенип, колдоо көрсөткөн башкы машыктыруучум Төлөн Жакшыбаевге жана ар дайым сынакка бараарда мага каржылык жактан колдоо көрсөткөн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында кызмат өтөгөн кесиптештериме ыраазычылыгымды билдирем”-деп билдирген.

Күмүшай Орозкулованын иштерине ийгилик каалап, мындан ары да Кыргыздын желегин дүйнөдө желбиретип, өлкөнүн сыймыгына айланып, «Карате-до» боюнча кийинки дүйнөлүк сынакта биринчиликти багындырышына тилектешпиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.