1-ноябрдан тартып автобус, троллейбустар 11 сом, маршруткалар 15 сом болот. Макулсузбу?

1-ноябрдан тартып автобус, троллейбустар 11 сом, маршруткалар 15 сом болот. Макулсузбу?

Кечээ, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү боюнча токтом токуду. Алардын токтому менен борбор калаадагы транспортто жүрүү акысы кымбаттады. 1-ноябрдан тартып роллейбус, автобуста жүрүү акысы — 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы — 15 сом болот.

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин Мэрия белгилеп келет.

Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары, «Шыдыр жол» ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Эске сала кетсек, Бишкекте транспорттун тарифи боюнча маселе 2012-жылы көтөрүлгөн.

Быйыл, 2-июнда маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган. Алардын мындай кадамына эл нааразы болуп,  жол кирени көтөрүүгө каршы чыккан. Бишкек шаардык мэриясында маалымат жыйын өтүп, бул маселе талкууланган. Ал учурда Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен жолугушуп, жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилиши мүмкүн экендигин билдирген. «Бул маселе Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди. Андан соң шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, жол кирени көтөрүү боюнча чечим чыгарат”, — деген эле. Айтканындай эле болду… 1-ноябрдан баштап жол кирени көтөрүү чечимин чыгарышты.

Айтмакчы…

Бишкек шаардык мэриясы абалдан чыгуу үчүн — коомдук транспорттордо жүрүүнүн акысын жогорулатуу боюнча тарифтердин үч вариантын сунуштаган:

1) мурдагыдай эле калтыруу;

2) муниципалдык коомдук транспорттордо тарифти 11 сом, менчик фирмалардын бардык класстагы автобустарына 15 сом кылуу;

3) автобустарга — 15 сом, троллейбустарга — 11 сом, менчик фирмалардын бардык класстагы автобустарына — 19 сом кылуу.

Мэрия эң ыңгайлуусу катары, «бардык тараптардын кызыкчылыгына туура келчүдөй» деп, маршруттук таксинин жол киресин 15 сом, муниципалдык транспорттордукун (тролейбус, автобус) 11 сомго көтөрсө болорун билдиришкен болчу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.