Президенттин колунан чин алып, кызматынан кетип, шайлоого аттанган Шыкмаматов

Президенттин колунан чин алып, кызматынан кетип, шайлоого аттанган Шыкмаматов

Бүгүн, 28-сентябрда президент Садыр Жапаров инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун кызматынан кетүү арызын кабыл алып, ишинен бошотту.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-сентябрда президент Шыкмаматовду кабыл алып, ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматын уккан.

Маалыматтын аягында Шыкмаматов парламенттик шайлоого катышуу ниетин айтып, кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жаза турганын билдирген. Мамлекет башчы анын отставкасын кабыл алууга даяр экендигин айтып, анын аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чинин ыйгарган.

Эске сала кетсек, Алмамбет Шыкмаматов былтыркы парламенттик шайлоодо Бир Бол” партиясы менен катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Революция болуп, бийликке Садыр Жапаров келген. Бийлик алмашкандан кийин Шыкмаматов Жапаров менен жакшы мамиледе болуп, президенттик шайлоодо аны колдогон. Анын Нарын облусу боюнча штабын жетектеген. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп февралда дайындалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.