Кыргызстан менен Казакстан министрлери каерден жолугуп, эмнени талкуулашты?

Кыргызстан менен Казакстан министрлери каерден жолугуп, эмнени талкуулашты?
Бүгүн, 28-сентябрда ИИМдин имаратында ИИМ министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун Казакстанстан Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Казакстан Республикасынын Маалыматтык жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү департаментинин директору Дархан Ахмедиев, IT продуктуларды экспорттоо департаментинин башкы эксперти Мирас Зәкиев, “Улуттук маалыматтык технологиялар” акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары Нурлан Курмалаев, ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Сүйүнбек Ниязбеков, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Азамат Исраилов, Бишкек ШИИББнын начальниги милициянын полковниги Азамат Ногойбаев жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Нурбек Жангабылов катышышты.
Жолугушуу учурунда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, “Азыркы учурда Ички иштер министрлиги “Санариптүү Кыргызстан 2019-2023-ж.ж.” санарип транформациялоо Концепциясына ылайык, санариптештирүү иштери четте калбай, Концепсияда камтылган иш-чараларды ишке ашырууну улантып келе жаткандыгын билдирди. Санариптештирүү багытында, Ички иштер министрлигинин чоң жетишкендиктери бар, мисал катары атасам — Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Командалык борбору түзүлгөндүгүн белгилей кетсем, ал укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча күнү-түнү визуалдык байкоо жүргүзөт. Аймактардагы жана Бишкек шаарындагы бардык байкоо камералары Командалык борборуна кошулуп борборлоштурулган” – деп белгиледи.
Өз кезегинде казак тарап Казакстан Республикасынын укук коргоо тутумуна санарип технологияларды киргизүү тажрыйбасын, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү тажрыйбасынын оң динамикасын, ички иштер органдарынын ишинде заманбап технологиялардын жогорку натыйжалуулугу тууралуу көргөзмө менен тааныштырышты.
Министр Улан Ниязбеков, коомдук тартипти жана маалымат коопсуздугун камсыздоо максатында укук коргоо органдарынын ишине санариптештирүү менен заманбап технологияларды киргизүү боюнча казакстандык кесиптештердин тажрыйбасын алмашуусуна маани берип, министрликтин кызыкчылыгы бар экендигин тастыктады.
Жолугушуу иштиктүү жана достук маанайда өттү.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.