Мамлекеттик кызматкерлердин көбү жат жазуудан «0» алышты. Ага чейин спикер да «2» алган…

Мамлекеттик кызматкерлердин көбү жат жазуудан «0» алышты. Ага чейин спикер да «2» алган…

Жат жазууну туура жазууга үндөө жана сабаттуу жазуу маданиятын өркүндөтүү максатта «Сабаттуу бол» акциясы 15-майда башталган, ал 27-майда жыйынтыкталат. Мындай иш-чара «КРнын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган. Аталган акцияга республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, окуу жайларынын, мектептердин, бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттери катышууда. Бишкектеги акция БГУда болсо, аймактарда акцияны облустук администрациялар жана шаарлардын мэриялары өткөрүүдө.

Кечээ Бишкек шаары боюнча жат жазуу акциясынын жыйынтыгы чыгып, мыкты баа менен кошо «0» (1100 кишинин ичинен 63 киши «эң мыкты» деген баа алгандар да) болгону туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирсе, бүгүн аталган комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Аида Ишеналиева мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан 206 киши катышып, алардын ичинен 11 киши «1» деген баа алганын айтты.

Спикер Дастан Жумабековдун да катасы жайнап…

Эсиңиздерде болсо керек, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да ката боюнча март айында социалдык тармактарда катуу сынга алынган. Анын премьер-министр М.Абылгазиевге жазган катынан жайнаган ката чыгып, социалдык тармактагылар ага «2» деген баа беришкен. Анын каты Интернетке тарап, эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелерди сактабай, ката жазылганы көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Айрымдар «спикер кантип ката жазсын?»,- деп күмөн санап, аны жасалма кат катары кабыл алышкан. Кийин ал спикердин каты экени тастыкталган. Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер — анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматтан бошотулганы айтылган.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.