Аманбай КАЙЫПОВ: “Кызматтан кеткен жокмун, ордумда иштеп жатам”

Аманбай КАЙЫПОВ: “Кызматтан кеткен жокмун, ордумда иштеп жатам”

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетпегенин, ал боюнча арыз жазбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү айтыптыр. «Кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жокмун. Ордумда иштеп жатам», — деп губернатор айтса, Өкмөттүн маалымат кызматы да А. Кайыпов арыз жазбаганын тастыктаптыр.

Аталган сайт губернатордун жообун саат 23:01де жарыялаган. Бул убакытка чейин бир топ сайттар жана социалдык тармактын колдонуучулары “Кайыпов отставкага кетти” деп жазышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.