Билим берүү министри кызматынан бошотулду

Билим берүү министри кызматынан бошотулду

Билим берүү жана илим министрлигинин министри Гүлмира Кудайбердиева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Гүлмира Кудайбердиева өзү арыз жазып, кызматынан кеткен. Анын арызына президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, эки жылдан бери Гүлмира Кудайбердиевага сын айтылып, жазылып келген. Ата-энелер социалдык тармакта “кызматынан кетсин!” деген талап менен акция уюштуруп жатышкан. Анын учурунда окуу китептери, бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары жана иш-чаралардагы баннерлер одоно каталар менен басылып чыккан. Бирок, ал катачылыкты Билим берүү министрлиги моюндабай, басмаканага шылтап келишкен. Нарындагы контейнер мектеби ачылганын сынга алып, министрдин кетүүсүн талап кылышкан. Кечээ эле Башкы прокуратура да министрдин ишине нааразы болуп, 1-2-класстарга «Математика» китебин сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу болгонун баса белгилеп, өкмөткө кат жолдогон.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.