ЖЭБ боюнча сотко Келдибеков суракка чакырылып, анын жообуна Исаков ыраазы болуптур

ЖЭБ боюнча сотко Келдибеков суракка чакырылып, анын жообуна Исаков ыраазы болуптур

ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча сот болуп келатканына бир жарым жылдан ашты. Кечээ, бул маселе боюнча Свердлов райондук сотунда сот отуруму болуп, бүгүн уланууда. Ал сотко «Азаттык» радиосунун журналисти Бакыт Асанов катышып, чагылдырды.   

Анын айтымында, кечээ 4-сентябрда ЖЭБ боюнча күбө катары Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков чакырылып, сурак берген. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоого Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган учурда парламентте Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы болгон.

 «Биз «Тендер өткөрсө болбойбу?» деген маселе көтөргөнбүз. «Эгер Кытайдан 386 миллион долларды 2 пайыздык үстөк менен алып жатсак, биз өзүбүз тендер өткөрөлү. Америкалыкпы, англиялыкпы же орусиялыкпы, өзүбүз тандайлы» деген сөз болгон. Бирок биз мындай талапты аткаруу мүмкүн эмес экенине көзүбүз жеткен. Анткени Кытай тарап буга чейин деле насыя берсе, өзүнүн «Чайна Роуд» деген компаниясын кошуп берип келген. Биз Кытайдан экономикасына да иштеп жатканыбызды билгенбиз, бирок башка жол жок болчу»,-деп жооп берген А.Келдибеков.

Анын мындай жообуна Сапар Исаков ыраазы болуп: «Алгач чын жүрөктөн чын жоопторду берип жатканыңызга ыраазылык билдирем. Азыркы учурда чындыкты айткандан көпчүлүк күбөлөр коркуп калышты. Күбө катары калыс жооп бердиңиз»,-деп аны мактаптыр.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБ тууралуу чыр маселе 2018-жылы, кышында (бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз) башталып, ага байланыштуу беш кылмыш иши козголгон. Бир топ чиновникке айып тагылып, азыркыга чейин абакта. Атай кетсек, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоордун жетекчиси Темирлан Бримкулов. Булардын ичинен Ольга Лаврова гана үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын тергөө абагында. Бул иш боюнча 86 күбө суралды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.