Мектепке кирбей калган хиджабчан окуучуларга министрлик мыйзамды түшүндүрдү

Мектепке кирбей калган хиджабчан окуучуларга министрлик мыйзамды түшүндүрдү

Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында хиджаб кийген кыздардын мектепке киргизилбей калганы тууралуу «Репортерго» окуучулардын агасы арызданган.

 

Арыздангандарга Билим берүү жана илим министрлиги хиджаб кийүү боюнча мамлекеттин мыйзамын түшүндүрдү. “Конституцияга ылайык, Кыргызстан — демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат. Жалпы билим берүүчү мектептер да динден тышкары болуп эсептелет. Өкмөт тарабынан мектептик формага сунуштамалар бекитилген, алардын арасында үстү кара, асты ак формалар бар. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам менен билим берүү уюмдарында динден тышкары мүнөздөгү окутуу киргизилген. Токтомго ылайык, бардык окуучулар мектептик форма кийиши керек. Хиджаб кийген кыздарга мектеп жетекчилери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», — дейт аталган министрлик.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.