Замир ЖООШЕВ: “Атамбаевдин бетине Салянова түкүргөн” деген калп. Ал жерде мен болгом”

Замир ЖООШЕВ: “Атамбаевдин бетине Салянова түкүргөн” деген калп. Ал жерде мен болгом”

“Салянова Атамбаев менен беттешкенде бетине түкүрдү” деген аталыш менен “Калыс Медиа” сайты “Жалбырак” булагына таянып, ушундай маалыматты тараткан. Андай маалыматты Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев четке какты. Ал туурасын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал төмөндө:

Эми “Жалбыракка” келсек…

Чындыкка караганда көпчүлүк ушакка ишенип кетет эмеспи. Ооп кетип, одоно сөздөрдү жазган журналисттер да жок эмес. Чын-төгүн билбегендер ар кандай сөздөрдү жаза баштады. “Жалбырак” Текебаевдин телевидениеси эмес беле. Кандайча?”,-десе, айрымдары: “Жалбырактын” деңгээли түшүп кетти. “Апрель” мыкты болчу”,-деп жаза башташты. Ушундай эле адамдын деңгээлин билсе болот. “Жалбырак” деген Фейк чыкканын чыныгы “Жалбырак ТВ – Сентябрда” иштеп жаткан журналист Динар Турдугулова 29-августта эле жазып чыккан. Ал төмөндө:

Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ: «Аида Салянова мындай адепсиздикке барбайт»

Дайыма калыс сөзүн сүйлөп, чындыкты жазып келаткан Өндүрүш Токтонасыров байкебиз да мындай маалыматка ишенбей, «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:

Алмазбек Атамбаев менен Аида Салянованын беттештирилгенин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.