Убактылуу Өкмөт убагында кандай иш алып барган жана азыр алардын кимиси кайда? (Эки ВИДЕО)

Убактылуу Өкмөт убагында кандай иш алып барган жана азыр алардын кимиси кайда? (Эки ВИДЕО)

2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин, 15 саясатчыдан турган Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Анда ал тизмеде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да бар эле. Президент УӨтүн бардык мүчөлөрүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына 14-сентябрда, саат 17.00гө жолугушууга чакырганы бүгүн маалым болду.

Кимдер Убактылуу Өкмөттүн курамында болгон?

Убактылуу Өкмөттүн курамы (Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев, Сооронбай Жээнбеков, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Болот Шер, Топчубек Тургуналиев, Дүйшөн Чотонов) түзүлүп, жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алып, иш жүргүзгөн. УӨтүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын президентинин укуктары ыйгарылган. Ошол эле жылы, ноябрда Роза Исаковна бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берип, ал президент болуп шайланган.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Атамбаев батына албай турганда Отунбаева жоопкерчиликти өзүнө алган»

Убактылуу өкмөттүн мамилеси Атамбаев менен 2016-жылдын 31-августунан кийин бузулган. Андагы президент Атамбаев аларды жамандап, “Роза Отунбаева мыйзамсыз шайланган, самозванка”,- деген. Эртеси, 1-сентябрда, андагы депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин трибунасынан мамлекет, парламент, УӨ жана Роза Отунбаева жөнүндө айткан. Ал төмөндө:

Убактылуу Өкмөттүн он бири бир позицияда, бир пикирде…

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар кимиси ар кандай тагдырга туш болду. Алардын бири — Алмазбек Атамбаев абакта. Бири — президент, бийлик Сооронбай Жээнбековдун колунда. Бир позицияда, бир пикирде ынтымактуу келаткан он бир УӨтүн мүчөлөрү жакында эле (10-сентябрда) түрмөдөн үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов менен жолугуп, алардын башына ак калпак кийгизип, үстүнө чепкен жабышкан. Ал жерге Иса Өмүркулов менен Топчубек Тургуналиев барган эмес, себеби айтылган эмес.

УӨтүн 15 мүчөсү 2010-жылы кандай иш алып барып, кийин кайсы кызматка отурганы тууралуу “Азаттык” радиосу даярдаган тасманы төмөндөн көрсөңүз болот.

«Бир кезде Убактылуу Өкмөттүн курамында болгон Сооронбай Жээнбеков бүгүн президент. УӨтүн мүчөлөрүн неге чакырды экен?»,-деген суроо туулуп, коомчулукта күбүр-шыбыр кеп кетсе, саясий серепчилер ар кандай божомолду айта баштады. Кандай болгон күндө да, сабырдуулук менен ушакка ишенбей, ошол күндү күтөлү.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.