«Кой» деген сөзгө туталанган депутатты Осмонов «ордуна» койду (ВИДЕО)

«Кой» деген сөзгө туталанган депутатты Осмонов «ордуна» койду (ВИДЕО)

Аскат Осмонов аттуу мекенчил, кыргыздын намыстуу жигити бар. Социалдык тармакка ал дайыма чыга бербейт, ток этээр жерге келгенде гана калыс сөзүн айтып чыга калат. Мына, бу жолу депутат Кожобек Рыспаевдин “кой” деген сөзгө арданып, аны парламентке көтөрүп чыкканы үчүн, ага кеңеш берип, айтып чыкты. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Кожобек Рыспаев бүгүнкү сессияда депутаттарды кой деп атагандарды таап, жазалоону талап кылган. “Кой” деп айтканга ызаланган депутаттын айткандарын төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти көп жолу «чимкирик» деп атаган. Ошондон кийин, депутат К.Рыспаев парламентте «биз элитабыз»,-деп айткан. Аны төмөндөн көрүңүз!

Алмазбек АКМАТАЛИЕВ: “Койлорду ким шайлады?”

Депутаттын бүгүнкү сөзү кайрадан күлкүгө айланып. социалдык тармактагылардын сынына кабылды. Өтө эле аша чаап депутатты шылдындап, келекелеп жаткандарга Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев агайыбыз ойлонууга «жем» таштады.

«Фейсбуктагы» баракчасына: “Депутаттарды го койлор деппиз! Мейли дейли.., алар таарынабы, жокпу, туурабы, туура эмеспи, ал башка кеп! “Эми, ал койлор, анда, шайланып келип жатпайбы! Аларды биз шайлап жаткан жокпузбу? Койлорду депутат кылып шайлап, аларды багып, алар чыгарган мыйзамдар менен жашап жүргөн, анда биз кимбиз?”,- деген суроого жооп бербейлиби?
Жооп кичине чатагыраак болуп калат го, кыязы… “Ошол үчүн “чимкирик”, “мал”, “кой”, “эчки” деп аларга ат коердун алдында, алар кайдан келишти? Аларды ким шайлады?”,- деген суроо да бар экенин унутпайлы! Ошол койлордун атасы да, энеси да биз экенибизди унутпайлы...»,-деп жазды А.Акматалиев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.