Дастан ЖУМАБЕКОВ, спикер: “Парламентти таркатууга негиз жок”

Дастан ЖУМАБЕКОВ, спикер: “Парламентти таркатууга негиз жок”

Бүгүн эртең менен парламенттин кабарчылары: “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарашы ыктымал, ал боюнча кызуу талкуу жүрүүдө”,-деген маалымат таратышкан. Түштөн кийин мындай маалыматка спикер өзү жооп берди.

Учурдагы парламентти таркатууга эч кандай негиз жок. Андай демилге же сунуш да жок. Жогорку Кеңешти таркатуунун жол-жоболору Баш мыйзамыбызда так белгиленген. Вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу чек арада жаңжал чыккан аймакка барып келди. Бул маселени биз өкмөт мүчөлөрү менен бирге жабык эшик артында карадык. Парламент чек ара маселеси боюнча кабыл алынган токтомдорду да көзөмөлдөйт. Дагы бир жолу кайталайм, парламенттин тарашы тууралуу сөз жок«, — дейт Д.Жумабеков.

Парламентти таркатууну коомчулук кандай кабыл алды?

Мындай куш кабар коомчулукка майдай жакты. «Элди ойлобогон парламент тарасын. Бийликтин көзүн караган, мыйзам жазганды билбеген депутаттардын кереги жок!»,- деп сүйүнүп, социалдык тармакты «жарды». «Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бекеринен сөз чыккан жок. Жаңы жылды күтө туралы, туугандар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.