Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Талас — кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу!»

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Талас — кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу!»

Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде Улуттук көчмөндөр оюндары бүгүн (21-сентябрда) жыйынтыкталды. УКО биринчи жолу Таласта, 16-сентябрда башталып,  ал жогорку деңгээлде өттү. Этнофестиваль уюштурулду. “Манас-Ордого» 300 боз үй тигилип, ар бир облустан келген делегация өкүлдөрү өнөр, таланттарын тартуулап, концерттер көрсөтүлдү. Спорттук мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр сыйлык менен сыйланды.

Көк бөрү мелдешинде Чүйлүк улакчылар чемпион болду

Көк бөрүчүлөр да сыйлыгын алышты. Алар бүгүнкү мелдеште мыкты оюн көрсөтүштү. Көк бөрү мелдешине 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарынын улакчылары катышты. Финалга Чүй менен Ош командасы чыгып, 14:1 эсеби менен Чүйдүн улакчылары утуп, УОКтун көк бөрү боюнча чемпиону болду. 2- орунду Ош, 3-орунду Талас, 4-орунду Бишкек шаары ээледи.

Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сомду түзүп, ал төмөндөгүдөй бөлүнгөн:

1-орунга — 300 миң сом;

2-орунга — 200 миң сом;

3-орунга — 100 миң сом;

4-орунга — 50 миң сом;

5-9-орундарга – 30 миң сом.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Манас атабыздын урпактары деген наамга татыктуу бололу»

УКОнун жабылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. «Биздин коомдун эң ыйык дөөлөтү — бул Ата Журттун азаттыгы, көз карандысыздыгы, элибиздин эркиндиги, улуттун биримдиги, ынтымагы, жерибиздин бүтүндүгү. Биз, бул улуу сөздү Манас бабабыздын руху жашаган, эл биримдигинин башаты болгон касиеттүү Таласта, Манас атабыздын ыйык Ордосунда сыймыктануу менен айтабыз. Талас — кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу!

1995-жылы Таласта „Манас“ эпосунун 1000 жылдыгы болгон. Мына бүгүн да ыйык Талас жергесинде „Манас“ деп ураан чакырып, 7 дубан чогулуп, бир туунун алдында биригип олтурабыз. Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу. Манас атабыз жердеген кең Таласта кадырман журтумдун алдына чыгып, Манас оюндарын даңазалап, бир билек болуп түрүлүп, бир муштум болуп түйүлүп, биримдикте болууга чакырам. Манас атабыздын урпактары деген наамга татыктуу бололу. Ынтымагы бекем, намысы бийик, руху күчтүү журт бололу! Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!«,-деди президент С.Жээнбеков.

Эстафета Ош облусуна тапшырылды

Аягында Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев сүйлөп, эмки жылы (2021-жылы) Ош облусунда өтөрүн айтып, эстафетаны Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаевге өткөрүп берди. Ал Таластагы оюндар жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилеп, 2021-жылы өтчү УКО мыкты уюштуруларын айтты.

ЭРДОГАН: “Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2020-жылы Түркияда өтөт”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлүп келет. ДКО үч жолу өтүп, 2018-жылы эстафета Түркия өлкөсүнө өткөрүлүп берилген.

2020-жылы төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөөрүн быйыл, 31-августта, «Малазгирт жеңишинин 948 жылдыгы» аттуу иш-чарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган айткан. “Ата-бабалардан калган улуттук оюндарды өткөрүп алдык. Эмдиги жылы 4-дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөт”,-деген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.