Кожобек РЫСПАЕВ: “Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек! ТИМ Малаховго чара көрүүсү зарыл!”

Кожобек РЫСПАЕВ: “Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек! ТИМ Малаховго чара көрүүсү зарыл!”

Эки күн мурун, 24-сентябрда “Россия 1” телеканалынын “Прямой эфир” ток-шоунун алып баруучусу Андрей Малахов: “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,- деп кыргыздарды басынтып сүйлөдү. Ага алгач социалдык тармактагы коомчулук реакция кылып, “Малахов кыргыз элинен кечирим сурасын” аттуу акция уюштуруп башташкан. Айрым депутаттар дагы реакция кыла баштады.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев “Малаховдун кыргыздарды кемсинтип сүйлөгөнүнө коомчулук реакция кылды” деп баса белгилеп, ТИМ менен Элчилик дагы тим болбой, реакция кылуу керектигин айтты. “10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат»,- деп атат Малахов. Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек! Буга маани берип, Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылуусу керек. ТИМ бул маселеге кийлигишип, бир чара көрүүсү абзел! Протоколдук тапшырма берип коёюн деп атам”,-деген депутат Өкмөткө тапшырма берди.

Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинин жообун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Эскерте кетсек, орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровду машинасы менен кайрылганда урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын кемсинткен. Орусиянын Кыргызстандагы Элчилигинен барган өкүлдөргө да сөз бербей, жаман мамиле кылган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.