Министр Каныбек Исаков мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салып, буйрук чыгарды

Министр Каныбек Исаков мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салып, буйрук чыгарды

Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелердин арыздарын угуп, мектеп жетекчилерине, коомдук бирикмелер менен фонддорго акчалай каражаттарды чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

“Кечээ, 30-сентябрда, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу чыгып, анда ата-энелер  коомдорунан арыздар түшүп, биз билим берүү уюмдарында, ошондой эле коомдук бирикмелер менен фонддордо каражат чогултуу мыйзамсыз экенин түшүндүргөн иш-чараларды өткөрүшүбүздү тапшырган. Ал буйрукка ылайык, акчалай каражат чогултууга тыюу салынат”  — деди С.Мейрманова.

1-октябрда, Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын жыйынында мектептерде ата-энелерден акчалай каражаттар чогултулуп жатканы кайрадан козголду. Дал ушул маселе боюнча, эртең, 2-октябрда Ак үйдүн алдына ата-энелер чогулуп, мектептеги коррупцияга каршы акциясын өткөргөнү турушат. Бул тууралуу Замира Мамбетова билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.