ВИДЕО: Малахов түз эфир аркылуу кыргыз тилинде кечирим сурады

ВИДЕО: Малахов түз эфир аркылуу кыргыз тилинде кечирим сурады

«Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Андрей Малахов түз эфир аркылуу кыргызстандыктардан кыргыз тилинде: «Мени кечирип коюнуздар»,— деп кечирим сурады. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Эскерте кетсек, “Чучук падышасы” (Колбасный король) атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын, кыргыздарды кемсинткен сөз айткан. “Рулда башка өлкөдөн келген бир бечара олтурган, иштегенине аз эле болуптур. 10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,-деген. Кийинчерээк “кыргызстандыктар менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп алыптыр”,-деп өзүнүн журналына интервью бергенде айткан. Малаховдун бул сөзү үчүн эки өлкөнүн элчилиги да “урушуп” кала жаздады. Ал эми Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов менен экс-депутат Камчыбек Ташиев кер-мур айтышып калды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.