Текебаевди камаарда күнүгө 12 сааттан сот болуп, акталаарда айына 2 сааттан карашканы эмнеси?

Текебаевди камаарда күнүгө 12 сааттан сот болуп, акталаарда айына 2 сааттан карашканы эмнеси?

Ушундай аталышта биздин редакциябызга кат келди. Анда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту жөнүндө жазылган экен. Автордун жазганын эч өзгөртүүсүз беребиз.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун 1-октябрда болгон сот отурумунда айыптоочу тарап, Генпрокуратура бир да күбө алып келе алган жок. Алардын негизги күбөсү Леонид Маевский “30 млн доллардан ашык акча шантаж жол менен доолаган” деген айып менен түрмөдө отурганы баарына белгилүү. Текебаев менен Чотоновдун күнөөсүз экенин далилдөө үчүн 20дан ашык күбө келди. Алардын дээрлик бардыгы Текебаев менен Чотоновдун пайдасына көрсөтмөлөрүн беришти. Алардын ичинде кыргыздын бакыйган төрт генералы бар. Алар “2010-жылдын 13-май күнү, саат 14:00до Убактылуу өкмөттүн жыйынында болуп, саат 15:00дөн өткөндөн кийин “Манас” аэропортун көздөй жөнөдүк. Ал жактан Чотонов менен чогуу жарым сааттай самолетту күттүк. “Ош аэропортун төңкөрүшчүлөр басып алыптыр” дегенди уккандан кийин, артка кайрылып, Бишкек аркылуу “Фрунзе-1” аэродромуна барып, Исмаил Исаковдун келишин жана вертолеттун даяр болушун дагы жарым саат күттүк. Саат 17:00дөрдө учуп, кечки саат 19:00дө Ошко кондук”,- дешти.

Ушул хронологияны алганда эле, Чотонов Бишкектен саат 15:00 – 15:30та эле Өкмөт үйүнөн чыгып кеткени далилденип турат. Демек, Чотонов Маевский менен Модин айткан 2010-жылы 13-майда “Супарадагы” кечинде болгон жолугушууда болушу мүмкүн эместигин ушул күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү далилдеп турат. Кыргыз соту буга эмне дээр экен?

Сотко “Чотоновду Оштон көргөнбүз” деп Оштун экс-губернатору Мамасадык Бакиров баш болгон бир топ күбөлөр көрсөтмө беришти. Чотоновдун 2010-жылы 13-май күнү Ошто болгонун көргөн жүздөгөн күбөлөр бар. Мындан тышкары, фото, видео материалдар бар. Бир фотодо Чотоновдун жанында азыркы президет Сооронбай Жээнбеков да турат. Анткени, контрреволюциялык төңкөрүшчүлөр губернатор Сооронбай Жээнбековду имараттан чыгарып, бийлигин алып коюшканда, Убактылуу өкмөттүн атынан Исмаил Исаков менен Дүйшөн Чотонов барып, аны кайра ордуна отургузушкан.

Сот саат 10:00дөн 12:00гө чейин эле иш алып барып, ишин токтотту. Кийинки отурумду 17-октябрга жылдырды. Отурумга көрсөтмө берүүгө чакырылгандардын 8и эле суралды. Атайын алыстан, жумушунан суранып келип турган 10дон ашык күбө нааразы болуп кайтышты. Алар: “камаганы жатканда жумасына 5 күн, эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 22:00гө чейин сот отурумун өткөрүштү эле, акталганы жатканда айына бир жолу, 2 сааттан гана ишти караганы эмнеси?”,- деп нааразылык билдирип кетишти.

Эрмек АКМАТБЕКОВ, Бишкек шаары

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.