Андрей Малахов Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине барыптыр. Эмнеге?

Андрей Малахов Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине барыптыр. Эмнеге?

Бүгүн, 10-октябрда «Россия 1» телеканалындагы «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малахов Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине барганы тууралуу Тимур Саралаев “Фейсбуктагы” өздүк баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Малахов элчи Алибек Жекшенкулов менен жолугуп, кызматташууну сунуштаган.

Келиптир Элчиге… Акырын эле сүйлөйт экен. “Чоң сабак болду мага”,- дейт. “Кызматташалы Кыргызстан менен деп суранды элчиге.
Мен
: “Андрей Николаевич, мы кыргызы великодушный народ…”, деп колун катуу-катуу кысып койдум”,-деп жазыптыр Т.Саралаев.

Эскерте кетсек, “Чучук падышасы” (Колбасный король) атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, оор жаракат алып, каза болгон. Жол кырсыкта болгон окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырган. Бирок, ал олигархтын үй-бүлөсүнө жан тартып, Исламбек Акбаровду адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын, кыргыздарды кемсинткен сөз айткан. “Рулда башка өлкөдөн келген бир бечара олтурган, иштегенине аз эле болуптур. 10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе, бардык буюртманы аткарат”,-деген. Кийинчерээк “кыргызстандыктар менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп алыптыр”,-деп өзүнүн журналына интервью бергенде айткан. Малаховдун бул сөзү үчүн эки өлкөнүн элчилиги да “урушуп” кала жаздаган. Ал эми Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов менен экс-депутат Камчыбек Ташиев кер-мур айтышып калды.

2-октябрда, Андрей Малахов түз эфир аркылуу кыргызстандыктардан кыргыз тилинде: «Мени кечирип коюнуздар»,— деп кечирим сураган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.