Лексустун баасында турган ири кочкор сатылды

Лексустун баасында турган ири кочкор сатылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунун малчысы Искендер Абдралиев 20 миң доллар турган кочкорду багып чоңойткону тууралуу “Турмуш” сайты жазып чыкты.

Мындай баага “Лексус GX” (2006-07-жж.) жолтанбасты сатып алса болот. 20 миң деп аталганы менен, Гулливер деген кочкорун 16 миң долларга саткан. Июлда малчы Шымкентте (Казакстан) өткөн эл аралык көргөзмөгө дал ушул Гулливер деген кочкору менен барып катышкан. Салмагы 188 кг түзүп, бою 1 метрге жеткен. Сентябрда болгон айыл-чарба көргөзмөсүнөн 2,5 жаштагы бул кочкорду 20 миң долларга баалашкан. Бирок анда мал ээси сатпай койгон. Андан алган козуларды эле 300 доллардан сатчу экен. Мындай породаны чыгаруу үчүн Искендер 12-13 жыл эмгегин сарптаган.

“Арашанда өзүмдүн мал чарба фермам бар. Бул гисар кою эмес. Кыргыз куйрук деп атасак болот. Азыр атайын каттоодон өткөрүп жатабыз, негизинен эт үчүн. Кочкорлор 120-150 кг болот. Койлор 137 кг” – дейт малчы И.Абдралиев.

Үч айлык козуларды 200-300 доллардан сатат экен. Кээде 1000 долларга саткан учурлары да болот. Койлор 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин сатылат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.