Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин маянасын которуу автоматташтырылат

Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин маянасын которуу автоматташтырылат

Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, билим берүү системасындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу пландаштырылууда. Министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн учурда техникалык талаптарды даярдап жатат.

Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырууга которуу менен буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алган “өлүү жандарды” жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт.

Учурда борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келет. Айрым район, шаарларда эмгек акыны төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары катталганын тастыктайт. Көбүнесе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз которуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлерине эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.