Жанар Акаев Түркиядагы элчинин «Ыйман» фондуна акча сураганын сынга алды

Жанар Акаев Түркиядагы элчинин «Ыйман» фондуна акча сураганын сынга алды

Бүгүн , 16-октябрда,  Жогорку Кеӊеште “КРдагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, кызуу талкууланды. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов  катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Жанар Акаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна каражат сураганы тууралуу айтты. «Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип атабыз» деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы?«, — деди Жанар Акаев.

Депутаттын суроосуна Зайырбек Эргешов: «Буга чейин Түркия «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондуна өз демилгеси менен жардам көрсөткөн. Массалык маалымат каражаттарында маалымат туура эмес берилип калды. Себеби бул эки өлкөнүн ортосундагы келишим боюнча Түркия жардам берүү тууралуу демилге көтөргөн. Элчи мырза ушул жөнүндө сөз кылса керек«,-деп жооп берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда Түркиядан Кыргызстандагы «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. доллар сураган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган. Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, 2015-2019-жылдарга түрк тараптан бөлүнгөн 5 млн. доллар имамдарды окутууга, алардын билими менен дараметин көтөрүүгө, стипендияларга, Insan.KG аттуу маалыматтык порталды түзүү сыяктуу долбоорлорго кеткен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.