Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылып, Алга Кылычев үй камагына чыкты

Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү узартылып, Алга Кылычев үй камагына чыкты

Бүгүн, 25-октябрда эки окуя болду. Биринчиси: Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү эки айга узартылса, экинчиси: экс-президентти жандап, Кой-Таштагы хан сарайына ар бир аптада концерт уюштурган КСПК партиянын мүчөсү Алга Кылычев үй камагына чыкты.

Негизи А.Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү эртең, 26-октябрда аяктамак экен. Мындай маалыматты Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев бүгүн журналисттерге билдирди.  Анын айтымында, мөөнөт аяктабай, эки айга созулуп калганына кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш себеп болгон. Тагырагы, Батукаев боюнча ишти алдын ала угуу башталган учурда ушундай чечимди сот кабыл алыптыр. Эки айга камакта калтыруу боюнча соттун токтому адвокаттын колуна тийиптир.

Ал эми Алга Кылычев тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирүү таратты. Алардын айтымында, ал тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген. 22-октябрда алар өтүнүч менен кайрылышса, сот аны канааттандырган.

Эске сала кетсек, 7-августта Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы хан сарайынан кармоо операциясы жүрүп, ал ишке ашпай калган. Ортодо кагылышуу болуп, 12 аскер жаракат алып ооруканага түшүп, экс-президентти кармоо операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбековго ок тийип, каза болгон. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан катуу жаракат алып, эки жолу операция болуп, комага түшүп калып араң андан чыккан. Учурда Москвада дарыланууда.

8-августта экинчи жолу атайын операция жүргүзүлүп, Алмазбек Атамбаевди андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов экс-президент менен сүйлөшүү жүргүзүп, колго түшүргөн. Ал күнү Атамбаев УКМКга, анын айрым тарапташтары ИИМге жеткирилген. УКМКнын алты кызматкери барымтага алынып, алар менен Алга Кылычев сүйлөшкөн видео да тараган. Барымтага алынган балдар Атамбаев колго түшүп берген күнү кое берилген. 10-августта Алга Кылычев менен Амантур Жамгырчиев камакка алынган. Тергөө кызматы «7-августтагы Кой-Таш айылындагы башаламандык» жана «УКМК кызматкерлерин барымтага алуу» фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү ишин баштаган жана азыр да жүргүзүүдө. «Тергөө менен кызматташам»,-дегендер ушинтип үй камагына чыгууда… Муну уккан Атамбаевдин тарапташтары: «Атамбаевди сатып, үй камагына чыкты»,-деп аны жаман көрүшүүдө…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.