Уланбек САТАРАЛИЕВ: “Капилет ажал туш келип, ичинде кетти чоң арман”

Уланбек САТАРАЛИЕВ: “Капилет ажал туш келип, ичинде кетти чоң арман”

Сүрөттө: Эрнис Асек улуу. 8-класс. Арпа жайлоосунда…

Эсен болуп, эстей жүр!

Эрнис инимдин түбөлүк уйкуга кеткенине эки ай, эки күн болду. Инимден ажырагандан бери балалык кездеги күндөрдү эстеп, Эрнисимдин элеси көңүлдөн кетпей жүрдү. Акыры эскерүү жазууга туура келди. Албетте, жакшы көргөн адамыңды эскерип жазуу өтө оор… Эрнисти Мелис байкемсиз эскерүүгө болбойт.

Эшимканов Мелис, Эрнис, Исаев Нурлан (Эрнистердин бөлөсү), мен кичинебизден чогуу өстүк. Тагырагы, төртөөбүздү бириктирген Ат-Башыдагы Арпа жайлоосу болду. Ал жерде Жусубалиев Бакый атабыз мал бакчу, жайкы каникулда барып кой кайтарчубуз. Эрнисим менен тууганчылыгымды айта турган болсом, Жусубалы чоң атабыздын байбичеси Койсун ападан Бакый атат төрөлгөн. Жусубалы чоң атабыз каза болгондон кийин Койсун апабыз Эшимкан чоң атабызга турмушка чыгып, андан Асанаалы (Асек) аттуу уулдуу болгон. Асек агабыздан Мелис байке менен Эрнис. Жусубалы, Сатаралы чоң аталарыбыз бир тууган. Сатаралы чоң атабыздан менин атам Султан, атамдан мен.

Жайкы каникул сайын жайлоого кой кайтарганга барчубуз. Кайсы бир жылдары жайы менен Мелис байке экөөбүз кой кайтарып калдык. Ал мага: “Жакшы атка камчы чаппайт” деп көп айтчу. Анткени Мелис байке дайыма жакшы аттарды минчү. Мектепти аяктаган соң жайлоого келбей калды. Ошондон кийин жакшы аттарды мен минип, Нурлан, Эрнис болуп чогуу кой кайтарып жүрдүк. “Шакыйым” кармап башым көп ооручу, мени аяган эки иним тилимди укчу. Бир күнү Бел-Карасуу Арпа жайлоосунда, саздагы сууну таш менен тосуп көлмөк кылып алып сууга түштүк. Балабыз да, канча убакыт өткөнүн деле билбейбиз. Суудан чыгып эле сазда жуушап жаткан койлорду карасак, саздын дөмпөктөрүнө өйдөлөнүп өлүп калыптыр. Койлорду таштын үстүнө сүйрөп чыгып, Бакый атанын жемесинен коркуп инибиз Эрнисти “кичинекейсиң, сени урушпайт” деп үйгө жеткирүүгө көндүргөнбүз. Жөнгө көнгөн Эрниске өлгөн койлорду атка бирден өңөртүп үйгө жеткиргенбиз. Бакый атабыздан коркчубуз, ал өтө ачуулуу киши болчу. Коркконубуздан көп эле нерсени жашырдык. Бир жолу Арпа жайлоосунда Коргон-Таш деген жерде чоң таштарды тегеретип ойноп жатканыбызда, бир козуга таш тийип өлүп калды. Атабыздан коркконубуздан козуну чоң таштар менен корумдап салдык, билинбей эле калды.

Жайлоодо ойной турган эч нерсе жок, оюнду өзүбүз ойлоп тапчубуз. Бир жолу Кызыл-Туу кыштагынын чекесинде, Жээк кыштоосунда кой кайтарып жүргөндө бири-бирибизге таш ыргытып ойнодук. Капысынан Эрнистин маңдайкы тишине таш тийип, тишинин учу сынып калды. Убагында чыр чыгарбаган инимдин көкүрөгүндө калган экен, кийин “Улан байке, эстейсизби, мобул тишти” деп көрсөткөндө, балалык кездеги кылыгыбызды эстеп күлдүк. Бала кезде ар бир адамдын башынан кызык окуялар өтсө керек. Аны кийин эстеп күлсө керек…

Ошентип, убакыт учуп, балалык кез өтүп, мектепти аяктадым. Бир кесиптин ээси болом деп Фрунзеге (Бишкекке) жөнөдүм. Эки жылдык техникумду Эрнистердин Кызыл-Аскердеги үйүндө жатып окуп бүтүрдүм. Орус тилинен Эрнис жардам берип, китептерди которуп берип жүрдү. Ошондо эле кыйын котормочу болчу. Эрнисимдин мүнөзү жумшак эле. Бирөөгө жаман айтпаган адамгерчиликтүү, бой көтөрбөгөн, өтө жөнөкөй, карапайым, токтоо, эч кимге кыпындай да зыяны жок адам эле. Тууганчыл, иштерман болчу. Жакшы ыр жазчу, аны окуп берээр эле. Чоң апасынын акыл-насааттарынан айтып берчү. Чоң апасын аябай жакшы көрчү, оозунан түшүрчү эмес.

Эрнистердин апасы Саадат жеңем да өтө мээримдүү, жароокер жан эле. Мен уктап калып окууга барбай калган күндөрү справка жазып берчү. Жеңем акушер-гинеколог, медсестра болуп иштечү. “Балдарым мыкты чыкты” деп чиренчү эмес, жөнөкөй болчу. Себеби, ошол учурда эле Эшимкановдордун атагы алыска кеткен, бул фамилияны элге Мелис байкем тааныткан. “Асаба” гезитинин дагы атагы таш жарып турган кез болчу. Гезиттин ээси Мелис байкем болсо, жапжаш (26 жашында) редактор Эрнис болду. Экөө тең бала кезде кандай жөнөкөй болсо, белгилүү болгондо да ошол бойдон калышты. Жардам сурагандардан жардамын аяшкан жок. Канча деген адамга акчалай жардам берип жүрүштү. Гений ага-иним менен сыймыктанчумун…

Аттиң, ушундай мыкты адамдардын өмүрү өтө кыска болот экен, экөө тең 49 жашында ооруканадан көз жумду. Экөөнүн тагдыры да окшош болду. Экөө тең экиден нике күттү. Мелис байкемдин артында биринчи никесинен бир кыз, бир бала, экинчисинен да бир кыз, бир бала калды. Эрнистин биринчи никесинен бир бала, бир кыз калды. Тилекке каршы, экинчисинен балалуу боло алган жок. Ошентсе да, Эрнис менен Назира кабак-кашым дебей, “балабыз жок” деп ажырашып кетпей ынтымактуу жашашты. Биз ага өзүбүз күбө болдук. Шаарга барган сайын үйүнө барып турчубуз. Жадырап-жайнап тосуп алышчу. Алар бизге келип турду. Экөө баш кошкондон кийин, Эрнис менен Назираны отко киргизгени Ат-Башыга чакырсак, баласы Тат, кызы Бегимайды ала келишиптир. Балдарын көрүп сүйүндүм, анткени аларды кичинекей кезинде көргөм, чоңойгону көрө элек болчумун. Татты тырнактайынан эле Эрнис Ат-Башыга ээрчитип келип жүрдү. “Балдарымды Назира өздөй, балдарым Назираны өздөй кабыл алды” деп толкунданган эле, мындай сөзүнө биз дагы кубандык. Бактылуу болгон үй-бүлөнү Ташрабатка, Арпа, Ак-Сай, Босого жайлоосуна чейин алып бардык. Эрнис абдан кубанып жакшы отурган. Эрнисти накта “уруша” турган кишиси табылыптыр” деп ичимден кубангам. “Урушат” дегеним тамаша, тамашакөй Эрнисимдин сөзүнөн улам анын бир кылыгы эске түштү. Эрнис ажырашып кеткенден кийин 6 жыл бой жүрдү. Ошол жылдары биздин үйгө келип, эки-үч күн жүрүп калды. Төртүнчү күн дегенде эртең менен: “Кызыл-Тууга кетем, мени урушат” деди мостоюп. “Ким?” десем,“Сүйүн” деди. Боорубуз эзилгенче күлдүк. Себеби, Сүйүн экөөбүздүн келинибиз, Кызыл-Туудагы Бакый атабыздын баласы Русландын өмүрлүк жары. Эрнистин кайрадан турмуш курганына чыны баарыбыз кубанганбыз. Жалгыздык жаман да. Иним турмушта өз ордун тапты деп сүйүнүп жүргөндө, капысынан, 29-январда Эрнисимди “бу дүйнөдөн өтүп кетти” деген суук кабарды достордон угуп атпаймынбы… Уккан кулагыма ишенбей, нес болуп турдум. Алар мени уккан экен деп телефон чалып көңүл айтып жатышыптыр. Көрсө, алар интернеттен окушуптур. Ишенбей, интернетти ачсак, жаман жаңылык жайнап жүрөт. Ушунчалык ич ачышып турду… Айла жок, Курандан башка арга жок. Ажал улук деген ушул экен.

Атаңдын гөрү шум жалган,

Түбөлүк туруу өлбөгөн,

Шум жалгандан ким калган?

Капилет ажал туш келип,

Ичинде кетти чоң арман!

Булак: “Alakan.biz”

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, философ Эрнис АСЕК уулу тууралуу эскерүүлөр алгач өзү “Алакан” деп атаган сайтыбызга жарыяланып, кийин китептен орун алмакчы…

One thought on “Уланбек САТАРАЛИЕВ: “Капилет ажал туш келип, ичинде кетти чоң арман”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.