Коронавирусту жугузуп алгандардын саны 130га жетти, төртөөнүн абалы оор…

Коронавирусту жугузуп алгандардын саны 130га жетти, төртөөнүн абалы оор…

Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын бүгүнкү (3-апрелге карата) маалыматына караганда, өлкө аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталган. Алардын алтоо Бишкек шаарынын, бешөө Жалал-Абад облусунун, экөө Жалал-Абад шаарынын, бирөө Чүй облусунунун тургуну. Булардын төртөө чет өлкөдөн жугузуп келсе, ону Кыргызстандан жугузган.

Республика боюнча вирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 130га жетти. Жалал-Абадда– 61, Ошто – 30, Чүйдө – 6, Баткенде – 3, Нарында – 4, Ысык-Көлдө – 2, Ош шаарында – 10, Бишкек шаарында – 14. 72си аялдар, 58и эркектер, ондон ашыгы жаш балдар. Учурда төртөө оор абалда, 1900ү обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Буга чейин беш адам айыгып, ооруканадан чыгарылганы айтылган.

Жаман илдетти жугузуп алгандардын бири каза болуп, сөөгү жерге берилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.