Малик НУРДИНОВ: “Коронавирус жуктурган кишиге кылмыш иши козголду, жакшы болгондо камалат”

Малик НУРДИНОВ: “Коронавирус жуктурган кишиге кылмыш иши козголду, жакшы болгондо камалат”

Ош облусунда коронавирус илдетин билип туруп, башкаларга жуктуруп, оорусун жашырып жүргөн адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов бүгүн, 7-апрелде, брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруну жашырган кишиге кылмыш иши кечээ, 6-апрелде козголгон. “Коронавирус менен ооруганын билип туруп жашырып, достору, туугандары, кесиптештери менен байланышта болгон. Аны менен алакада болгон адамдардын айрымдарынан коронавирус аныкталды. Өзү да ооруп, изоляцияда жатат. Анын абалы жакшы болгондо камалат. Жазык кодексине ылайык, оорусун билип туруп жашыргандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат”, — дейт Малик Нурдинов.

М.Нурдинов сотко чейинки өндүрүш иши кайсы берене менен жүрүп жатканын айткан жок.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде Кыргызстанда 7-апрелге карата COVID-19 вирусу жуккандардын саны 228ге жеткенин, анын ичинен басымдуу бөлүгү: 106 адам Ош облусунда жана Ош шаарында катталганын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.