Кыргызстанда коронавируска каршы кандай дарылар берилип жатат?

Кыргызстанда коронавируска каршы кандай дарылар берилип жатат?

Бүгүн, 10-апрелге карата брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавируска каршы дарылар жетиштүү, антибиотиктер жана башка керектүү дары-дармектер запаста бар экендигин айтты. Анын айтымында, вируска каршы «Лопинавир», «Гидроксихлорохин», «Ритонавир» дарылары колдонулат. Ошондой эле ал оорунун белгилерине жараша дарылоо жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 298ге жеткен, алардын бешөө каза болуп, айыгып чыккандары 30дан ашуун.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.