Милицияга баш бербей, ашата сөккөн, кыргыздарды кемсинткен кыз 15 күнгө камалды

Милицияга баш бербей, ашата сөккөн, кыргыздарды кемсинткен кыз 15 күнгө камалды

Мыйзамга баш ийбей, милицияларга баш бербей, аларды, кыргыздарды адепсиз сөздөр менен сөккөн кыз кармалып, камалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, белгисиз кыз кармалып, Бишкектеги ШИИБге алынып келип, анын өздүгү такталган. 1997-жылы төрөлгөн К.К аттуу кыз болуп чыккан. Анын баш коргоо чарасы Бишкектеги Октябрь райондук сотунда каралып, ага “Бейбаштык” беренеси тагылып, 15 күнгө СИЗО-1ге камалган.

Комендатуранын айтымында, 11-апрелде, болжол менен кечки саат 17:30та Октябрь районундагы ИИБ кызматкерлери Юнусалиев менен Суеркуловдун кесилишинен бетинде медициналык маскасы жок белгисиз бир кызды токтоткон. Ал кыз агрессияга алдырып, аларды оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-апрелде белгисиз кыздын милицияларга баш ийбей, аларды, кыргыздарды кемсинткен сөздөр менен ашата сөгүнгөн кыздын видеосу социалдык тармактарга тарап, ал кызуу талкууга алынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы, alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.