Гуля АЛМАМБЕТОВА: “Көп үй-бүлөлүү тууралуу сөз өз үй-бүлөм жөнүндө болчу. Мен 11 бир тууганмын”  

Гуля АЛМАМБЕТОВА: “Көп үй-бүлөлүү тууралуу сөз өз үй-бүлөм жөнүндө болчу. Мен 11 бир тууганмын”  

Бишкек мэриясынын кызматкери Гуля Алмамбетова кечээ кечинде өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына: “Көп балалуу үй-бүлөнү жек көрөм” деген пост калтырган. Ал бүгүн социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. Шок болгон эл аны кызматынан кетүүсүн талап кылып жаткан кези.

Гуля Алмамбетова буга өзү кайра жооп жазды. Анын айтымында, «Твиттердеги» жазганы өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө болгон. Анын апасы онду төрөп, сегизи аман калганын, атасы үч баланы асырап алып, жеке өзүнүн 11 бир тууган үй-бүлөсү жөнүндө жазганын баса белгилеп, туура эмес түшүнүп, өзүнө алган үй-бүлөдөн кечирим сурады.

Буга чейин деле Г.Алмамбетова жаңылыш жазып алып, аны түшүндүргөн учурлары көп эле болгон…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.