Видео — Баласын токмоктогон Эмил Пирназаровду Москванын полициясы кармап кетти

Видео — Баласын токмоктогон Эмил Пирназаровду Москванын полициясы кармап кетти

Социалдык тармакта кызуу талкууланып жаткан видеодогу  баласын аеосуз сабаган атанын өздүгү такталган. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты.

Алардын айтымында, бул Москвада болгон окуя, Москвадагы полициялар баланы токтоктогон кишини кармап кеткен. Аны тааныгандар: “Көргөн көзүбүзгө ишене албай, эртеден бери ыйлап атабыз. Бул жигиттин аты-жөнү — Эмил Пирназаров, 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот. Өзү апасыз чоңойгон жигит, мээрим көргөн эмес. Азыр Москвадан милиция кармап кетиптир. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Быйыл 1-класста окуп жаткан болчу. Туугандары бүт ызырынып жатышат. Карантин болбосо бүгүн эле алып келмекпиз дешүүдө.”-деп жазышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.