Өзбекстан ажылык сапарды токтотту. Биздечи?..

Өзбекстан ажылык сапарды токтотту. Биздечи?..

Быйыл коронавируска байланыштуу ажылык сапарга бара албай калган өзбекстандыктардын кезеги сакталат жана алар 2021-жылы зыяратка бара алышат. Бул тууралуу кечээ, 16-апрелде Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети расмий билдирди.

Алардын айтымында, Сауд Арабия Королдугунун Ажылык жана умра министрлиги Өзбекстанга кайрылып, пандемияга байланыштуу 2020-жылдагы ажылык сапарга даярдыкты токтото турууну өтүнгөн. Буга байланыштуу Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети ажылык сапарга бара турган жарандардын кезеги сактала турганын маалымдаган.

Биздикилер деле токтото турса жакшы болмок. Даваатчылардын айынан чоң сыноону баштан кечирип жатабыз го…

Эске сала кетсек, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алды, 83 адам көз жумду. Ушул жагдайга байланыштуу айдын башында Сауд Арабиясынын ажы жана умра иштери боюнча министри Мухаммед Салех Бентан коронавирус жөнгө салынмайынча быйылкы ажылыкка камынган жүз миңдеген мусулмандарды сапарга аттанбай турууну суранган. Февралда Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын келишин чектеген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.