Видео — Чубак ажы: “Элмирбек чоң таякелерим болот. Кудай жолунда жүргөн адам эле. Мечитке келгенде кепичин уурдатып жиберген…”

Видео — Чубак ажы: “Элмирбек чоң таякелерим болот. Кудай жолунда жүргөн адам эле. Мечитке келгенде кепичин уурдатып жиберген…”

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз эл артисти,  төкмө акын, обончу, ырчы, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга узатылып, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Артында калган тирүүлөр өзүн, сөзүн эстеп, көп кырдуу талантына таазим кылып, айтып бүтпөй сөз кылып жаткан кезибиз…

Чубак ажы да эскерип бериптир. Тагырагы, кечээ, 21-апрелде “Марал” радиосуна барып, Элмирбек Иманалиевдин чоң таякеси болоорун, Кудай жолунда жүргөнүн, намазга жыгылганы мечитке барганда кепичин уурдатып жибергенин айтып, бир куплет ырынан үзүндү окуп бериптир.

Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Алдыраарга жаздыраар 2020-жылдын 20-апрели…

20-апрелде, кечке маал Элмирбек Иманалиев Бишкектеги ооруканалардын бирине кант диабети менен түшүп, көз жумган. Артында алты (үч кыз, үч уулу) баласы калды.

21-апрелде «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы, Элмирбек Иманалиевдин шакирти Асылбек Маратов устатынын оорусу оорлошкондо алып барган ооруканалар “карантин” деп кабыл албай, ары-бери чуркатышканын айткан. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден толук окусаңыз болот.

22-апрелде белгилүү юрист Клара Сооронкулова өмүр менен өлүмдүн ортосунда турган адамга биринчи жардамын көрсөтпөй койгон дарыгерлерди жоопко тартууга мыйзам жол берээрин баса белгилеп, талап кылды. Аны эл туура көрүп, колдоп турган чагы…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.