Видео — Садык ШЕР: ”Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турат бүгүн… Ыйлай турган күн болуп турат бүгүн…”

Видео — Садык ШЕР: ”Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турат бүгүн… Ыйлай турган күн болуп турат бүгүн…”

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиев бүгүн, 22-апрелде акыркы сапарга узатылып, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Туңгучтагы үйүнүн алдында өтүп, аза күтүү митинги болуп, сөз сүйлөндү.

“Айтыш” коомунун негиздөөчүсү, ЖК депутаты Садык Шер: “Элмирбек деген ким эле?.. Элмирбек деген ырдын пири эле! Кыргызда «эркек ыйлабайт» дейт, бирок, бүгүн ыйлай турган күн болуп турат. Себеби, Элмирбек элдин баарын ыйлатты. Кыргызстанда кейибеген киши жок, ар бир кыргыз үйүндө ыйлап отурат” деп көзүнө жаш алып сүйлөдү.

Толугу менен төмөндөгү “Жалбырак ТВ” тарткан тасмадан көрүңүз:

Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечке маал Бишкектеги ооруканалардын бирине кант диабети менен түшүп, көз жумган. Артында алты (үч кыз, үч уулу) баласы калды.
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. 

One thought on “Видео — Садык ШЕР: ”Кирейин десең жер бүтүн, өлөйүн десең көр бүтүн болуп турат бүгүн… Ыйлай турган күн болуп турат бүгүн…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.