Бир жаш он айлык кыз 8-кабаттагы балкондон кулап түшүп, мүрт кетти

Бир жаш он айлык кыз 8-кабаттагы балкондон кулап түшүп, мүрт кетти

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан бир жаш он айлык кыз кулап түшүп, мүрт кетти. Бул тууралуу Бишкектин комендатурасынын маалымат кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.

Алардын айтымында, кырсык кечээ, 23-апрелде, саат 18:30дар чамасында Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жанында болгон. 8-кабаттан наристе кулап түшүп, жан бергени тууралуу Биринчи Май райондук милициясына келип түшкөн. Милиция кырсык болгон жерге барып, бир жаш, он айлык 2018-жылы туулган Ж.А. аттуу кыз 8-кабаттын балконуна кулап түшкөнүн аныкташкан. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.