Нүзүп аталыктай, Тилекмат акедей болууну кыялданган Якутиядагы сатирик (Маек)

Нүзүп аталыктай, Тилекмат акедей болууну кыялданган Якутиядагы сатирик (Маек)
Сүрөттө: Камчы Сарыбаев, Канатбек Шабдалиев, Аскат Сулайманов

Үч баланын атасы, актер, тамада, сатирик Канатбек Шабдалиев Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылынын тургуну. Учурда Якутиядагы Нерюнгри шаарында убактылуу жашап, иштеп жатат. Интернет аркылуу салт-санаа, дин, пейил, карантин тууралуу баарлаштык.  

— Канатбек мырза, маегибиз Рамазан айына туш келди. Андыктан маегибизди балалык кезиңизден баштасак. Апаңыздын этегин кармап алып айттачу белеңиз? Андагы элдин пейилин, каада-салтты эстесиңиз?

— Бала кезде айттаганым деле эсимде жок. Анткени ата-энебиз бизди эч жакка ээрчитчү эмес. Ал кезде тарбия башка окшойт, эзилип эркелеткени деле эсимде жок. Айт күнү ак сакалчан аталар менен ак жоолукчан апалар келип, чай ичип, маркумдарга куран окуп кетишчү. Анда азыркыдай ысырапкорчулук жок болчу. Дасторкондо боорсок, сары май, каймак тураар эле. Биздин үйдөн киши үзүлчү эмес, күндө эле айттагыдай көрүнүш болчу. Кабагы менен эмес, табагы менен элди тосуп, карыялардан бата алган асыл ата-энем алардын жашына келип калышты. Атам 72, апам 67 жашта. Атам мал догдур, энем мугалим, тилчи. Төрт бала, бир кызга жакшы тарбия-таалим берип, окутуп, уул үйлөп, кыз узатышты. 15 неберелүү болушту. Бир туугандарымдын экинчисимин. 1977-жылы жарык дүйнөгө келгем. Бактылуу балалыгым Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү деген айылда өттү. Төрт Өрүктү бар, катары менен жайгашкан: Өрүктү, Чоң-Өрүктү, Орто- Өрүктү, Кичи-Өрүктү деп.

— Эмнеге мындай аталган, таржымалын билесизби?

— Жок, так билбейм. Болжолдуу укканым бар. Чоң-Өрүктү дегенинин себеби мурда жапайы өрүктөр көп болгон окшойт… Ушул айылда балалык кезим башкалардай эле өттү. Тентек болдум. Балдарды сабаган да, токмок жеген да күндөр болду. Ошондо да ата-энелерде балдарына болушуп, урушмай деген жок болчу. “Бала деген урушат, эртең кайра табышат” деп койчу. Ал учур эми бир башкача эле, элдин пейили, ынтымагы, бири-бирине болгон мамилеси жылуу эле. А азырчы? Андагы пейил азыркы элде жок. Азыр элдин басымдуу бөлүгү бири-бирине эрегишип, көрүнүп, мактаныш үчүн жашайт. Каада-салтыбыз жоголуп бараткандай. Мисалы, гүл ыргытуу, торт кесмей, баланы сүннөткө отургузуу, тушоо кесмей, өкүл ата коюу ж.б.у.с. Баланы отургузганда аксакал эмес, колунда бар жаш жигитке ырымдатмай, өкүл ата койгондо да бай, жаш баланы коюп калышты. Тушоо тойдо балдар эмес, чалдар, аялдар чуркап калды… Ушуга окшогон кыргызда жок салттар кошулуп кетти окшойт.

— Туура баамдап жатасыз, билинбей салтыбыз жоголуп баратат. Эне тилибиз да бузулду, жакшынакай эле сөздөрүбүз арапташып кетти. Ар кайсы агымдын кедергиси тийип жатат. Кандай дейсиз?

— Дин боюнча оюмду айтсам, динге каршылыгым жок. Баарыбыз мусулманбыз. Кудайга ишенем. Баарыбызга бир Кудай. Тилекке каршы, социалдык тармактарда эл экиге (теңирчи, арабдар) бөлүнүп алып, урушкандар көбөйдү. Ушул көрүнүш өкүнтөт. Кайсы тилде, кандай динде сыйынсак да Жаратуучу бирөө гана деп билем. Ар бир адамдын Кудайга болгон ишенимин сыйлай билсек дейм да. Жараткан бар экенине ишенем, корком. Эртели кеч кыргызча эле тилек кылып сыйынам. Бейшемби күнү маркумдарга багыштап куран окуйм. Эң башкысы жандүйнө таза болуш керек! Бирөөнү ыйлатып, ага жамандык кылбоо зарыл!

— “Өтө эле диндешип кетти” деп айрымдар Союз учурундагы тартипти сагынат го. А сизчи?

— Союздун четин көрүп калдым. СССР тараганда 14-15 жашта элем. Агезде эмнегедир эч проблема жоктой сезилчү. Союз тараары менен кризис башталган. 90-жыл Кыргызстан үчүн оор жыл болгон, аны баары билишет. Таманы жамаачы байпак менен керзовый өтүк мектепте мода болуп калган. Союзду сагынам. Анда тарбия башкача эле. Кызыл жагоо тагынган пионер, анан комсомол болдук. Ага өтүү үчүн жакшы окушуң керек эле. Мекенди сүйүүгө, улууну урматтоого, кичүүнү ызаттоого үндөшчү. “Биз пионербиз”, “Тимурчулар командасыбыз” деп жалгыз жашаган пенсионерлердин үй оокатына жардам берчүбүз. Азыркы окуучуларчы? Кыздар мушташып калды. Бири-бирин сабаган тасмаларды көрүп төбө чачың тик турат. Пенсионерлердин үйүн тоноп жатышат. Кыз-бала дебей сөгүнүп калышты. Анан кайдагы тарбия?

— Тарбия берүү ата-энеден да. Урушкандын ордуна болушуп калышпадыбы.  Өзүңүз балдарыңызды кандай тарбиялап жатасыз?

— Эки уул, бир кызым бар. Балдарымды катуу кармайм. Чынын айтайын, кээде колум да тийип калат. Мен урбасам, мугалим урбаса, анан аларды ким урат? Кийин турмуш урса, аны көтөрө албай калбасын дейм. (Күлүп) Жакшы эле ата, жакшы эле жармын го.

— Жаштар интернеттен, телефондон чыкпай калышты. Китеп окубай калышты. Бу жагынан балдарыңыз кандай?

— Өзгөнүн баласын айталбайм, өзүмдүн балдарым жөнүндө айтсам, алар китеп окуйт. Тагырагы, улуу балам интернеттен көбүнчө китеп окуйт. Окугандарын мага айтып берет. Ал боюнча экөөбүз көп сүйлөшөбүз. Кийинки балам 13 жашта, ага интернетке кирүүгө эрте деп кнопкалуу телефонго эле уруксат бергем. Үйдө компьютер бар, аны сабагына керек болгон учурда колдонот. Дадагаң кетейин кызым кичинекей, июнда 2 жашка чыгат. Аябай сагынып жатам. Кагылайыным эмитен эле эстүү, апасын тартып токтоо.

— Бала кезде кайсы китепти окуп, кайсы каармандай болууну каалачу элеңиз?

— Китеп мурда көп окугам, дүйнөлүк китептерди аз окугам. Ал эми кыргыз жазуучуларынын китебин калтырбай эле окудум. “Сынган кылычтагы” Нүзүп аталыктай болгум келчү, “Көчмөндөр кагылышындагы” Тилекмат акедей болгум келчү. Эми бул бала кездеги кыялдар да. Алардай болуш бизде кайда?..

— Эмнеге өкүнүп, эмнеге кубанасыз?

— Убактымдын көбүн пайдасыз өткөргөн жаштыгым менен мастыгыма өкүнөм. Элим, ата-эне, бир тууган, үй-бүлөмдүн күбанычы менин кубанычым деп эсептейм. Азыр Кыргызстан карызга белчесинин батып калдык, ушуга кейийм. Өлкөбүздүн экономикалык абалын эмгектеген баладан өңгөктөгөн чалга чейин билип эле калышпадыбы…

— Үйдөгү экономикалык абалдан улам Якутияга кеттиңиз беле?

— Мени бул жакка Нурбек Саяк деген тамада иним чакырган “чогуу иштейли күзгө чейин” деп. Анын үстүнө балдар чоңоюп калды. Үйдө жата бергенден көрө бир аз болсо да акча табайын деген тилек менен келип калгам. (Күлүп) Бекерпоз экен деп ойлоп албагыла. Бул жакка келгенче Ысык-Көл облусундагы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында эмгектенгем, актёр болчумун. Тамадалык кылып кошумча акча да таап жүрдүм.

— Тамада, актер болуп жүрсөңүз, буулугуп жаткан өнөрүңдү Ютубдан көрсөтөйүн дедиңизби анан?

— Ооба, буулугуп кеттим десем да туура болоор. Жанымдагы Нурбек иним да куудул. Экөөбүз тамашалап эле бир видеону «Фейсбукка» чыгарып койгонбуз. Анан ал бир түндө эле тарап, «Ютубга» чейин коюлуп, дүң болуп кетиптир.

— Сын жазгандар деле болсо керек? Сынды кабыл алууңуз кандай?

— Сынды туура эле кабыл алам. Кемчилигимди айтса ондогонго аракет кылам. Албетте, сындагандар болду. “Бул оорукчанбы, маспы?” деген сыяктуу комментарийлерди окуп, чынын айтсам, жаман абалда болдум. Актёрлугумду далилдейин деген ниетте сериал кылып тарта баштадык. Бул эми убактылуу нерсе да. Карантинде отурган кыргыз элим эрмектеп, көңүл ачсын, маанайы көтөрүлсүн деген ниетте эле улантып жатабыз. Карантин бүтсө эле токтотобуз.

— Сатираңарга саясат кошула баштады. Кайсы саясатчыларды сыйлайсыз?

— Сатирама саясатты аралаштырчы эмесмин. 21-22-сериясында анча-мынча саясатчылардын эл оозуна алынып калган сөздөрүн гана кошуп кеттим. Мен далили жок эч кимди келекелеп же какшыктагым келбейт. Албетте, сыйлаган саясатчыларым бар. Алар: Исхак Масалиев, Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Эмил Каптагаев. Буларды билимдүү деп ойлойм.

— Кыргызстанды сагындыңызбы?

— Албетте. Кыргыз эли менен жерине эч бир жер жетпейт! Абасы да, суусу да таза. Кооз. Өз жериңе жетеби?

— Эмне иш кылып жатасыз?

—  Кара жумуш менен эле алектенүүдөбүз.

— Якутиянын кайсы жериндесиз? Карантиндесиздерби?

—  Якутиянын Нерюнгри деген шаарындабыз, жүзгө жетпеген кыргыз бар деп уктум. Жалаң эле орустар экен. Кудай жалгап, бу жерде коронавирус катталган жок. Бирок карантин, анткени менен эл көчөдө эле жүрөт. Шаарды эле сырттан жаап коюшкан.

— Эмнеден коркосуз?

— Бара-бара эне тилибиз, кыргыз кийимибиз, каада-салтыбыз арапташып кетеби деп чочулайм. Мына мен ушундан корком.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Тарыхка кылчайсак…

Атасы таштап кеткен Нүзүп бий

Жогоруда маектешибиз Канатбек Шабдалиев бала кезинде болгусу келип кыялданган Нүзүп аталык — жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы тарыхый инсан. XIX кылымда Аксы аймагынан чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, аскер башчысы. Атасы Эсенбай өз мезгилинде Кокон ордосунда кадыр-барктуу, таасирдүү адам болгон. Ушул атасы апасын салынды кылып таштап кеткенде, Нүзүп “мен сизден да кыйын болом” деген намыс менен чоңоет. Айткандай эле ал Кокон хандыгында катардагы сарбаздан миң башыга чейин көтөрүлгөн, баатырдыгы, чечкиндүүлүгү, даанышмандыгы, акылы, кашкөйлүгү менен алыс-жакынга таанылган өтө таасирдүү даражага жеткен. Ордодо «аталык» мансабын негиздеп, Нүзүп аталык аталып, аталыктан бий даражасына чейин жеткен. Анын акылы менен катуу каршылыктарга карабай ордо душмандардан тазаланып, хандык калыбына келтирилип, Таластан өмүрүнүн көбү мал менен өтүп келаткан Шералы такка отурат.

Тилекке каршы, “кайдан келдиң, ким элең, эстей жүр” деп Нүзүп аталык көрүнө жерге “чокоюн” илдирген Шералы хан эскисин унутуп, бузукулар тилине кирип жарлыгы менен Нүзүп бийдин башын алдырат.

Ылакапга айланган “Шералы хандын чокою”…

Шерали хан кокустан бийликке келип калган Кокон ханы. Ал хан тукумунан болгону менен, тарыхый кырдаалдан улам 14 жашынан ордодон алыс Таласта мал кайтарып жашап калат. Нүзүп аны таап, «Мен кантип эл башкармак элем?!” кыйылганына карабай көндүрүп, Таластан Аксыга көчүрүп барып, туш-тараптагы кыргыздарга кат жөнөтүп, кол курап, ак боз бээни курмандыкка чалып, Шералыны ак кийизге салып хан көтөрүп Коконду көздөй аттанат. Канча каршылашты баштан өткөрүп хан кылганыбызды, өткөнүн унутпасын, “Кечээ ким элең? Унутпай жүр!” деп, Шералынын чокоюн ордонун көрүнө жерине илдиртип коет. Шералы хандын тегерегиндегилер “Нүзүп сизди шылдыңдап жатат, андан сиз мыктысыз, аны жок кылуу керек” деп бузуп отуруп, Нүзүптүн башын алуу жарлыгына мөөрүн бастырып алышат.

Үзөңгүгө тагылган уудан набыт болгон Тилекмат аке

“Көчмөндөр кагылышы” тарыхый романы жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин калеминен жаралган. Бул романда баяндалган тарыхый инсандардын бири — Тилекмат Жылкыайдар уулу. Жарыкка келген, өлгөн жылы, күнү боюнча так маалымат жок. Болжол менен 1799-жылдары жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен акыл-эстүү чоңойгон Тилекматтын ата-теги «Бирназар бийдин тонсуз балдары: Бүргүжал, Жылкыайдар, Айбаш, Түлөбай, Багыш» деп көрсөтүлөт. Ошол «тонсуз балдардын» бири Жылкыайдардан Тилекмат төрөлөт. Айтымында, кыргызда илгертен «тонсуз балдар» деп бакма балдарды айтып коюшчу экен. Анткен менен, Көлдөн чыккан алты акенин бири Тилекмат аке татаал учурда «караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан», эл намысын коргоодо кылыч мизинде турган, туңгуюкта турган калың элди кыйынчылыктан чыгарып кеткен, калыс, таза, ажаат ачкан, элди ынтымакка, биримдикке үндөгөн элчи, мыкты дипломат болгону айтылат. Бир эле мисал, 1830-жылдары Кокон хандыгынын беги Көлгө келип, Тамгага сарбаздарынан бугунун эл башчысын чакыртат. Боронбайдын ордуна Тилекмат аке барып ишти кынтыгы жок бүтүрүп, «Бугу элинин ханы» делген Кудаяр хандын мөөрү басылган күбөлүк алат. Бирок, кийин ак жеринен каралап, төбөлдөр жалган жалаа менен абакка каматышат. Кийин акталып, Верный (Алматы) түрмөсүнөн бошонуп келатканда көрө албастардын үзөңгүгө тагып койгон уусунан жолдо көз жумат.

Өмүрү өрнөк, кыргыздын кылымда бир жаралчу эки мыктысы тууралуу кеп ушундай, окурман. Эс-акылыбызды “Шералынын чокоюндай” эскиртпей алар жана алардын тарыхта калган кыйын иштери тууралуу айта жүрүү, кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин парз. Эсен болуп, эстей жүр!

Булак: Alakan.biz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.