Видео — Акын Нурлан Калыбеков Зайыр Ажыматовдун коштошуу зыйнатында таасирдүү сөз айтып, баарын ыйлатты…

Видео — Акын Нурлан Калыбеков Зайыр Ажыматовдун коштошуу зыйнатында таасирдүү сөз айтып, баарын ыйлатты…

29-апрелде кан басымы түшүп кетип, ооруканадан көз жумган белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү бүгүн, 1-майда “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Коштошуу зыйнатында маданият министри Азамат Жаманкулов кыргыз маданияты оор жоготууга учураганын айтса, Кыргыз Эл акыны Султан Раев президент Соооронбай Жээнбековдун көңүл айтуусун маркумдун үй-бүлөсүнө жеткирди. Баарынан зээнди кейитип сүйлөп, өзү да ыйлап, элди ыйлаткан Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков (сөзү 50-мүнөттөн башталат) болду.

Зайыр экөөбүз бир өрөөндүн, бир колоттун, бир сайдын баласы элек. Студент кезден экөөбүз чогуу жүрүп, студент кезден экөөбүз бирден шапалактай жетим китеп чыгарып, Жазуучулар Союзуна мүчө болуп, чогуу адабияттын астанасын аттап, чогуу жүргөн балдар элек. Зайырбек ыйы болобу, сыры болобу, кубанычы болобу мени менен бөлүшөөр эле, мен аны менен бөлүшөөр элем. Биз деле жаш болчубуз, 40тан өткөндөн кийин калчылдап калат экенсиң. Илгери обончу, группалашым Калмурат Рыскулов деген досубуз 30 жашында каза болгондо, жаштык менен кайгыны көтөрүп кетиппиз…

Акыркы бир жуманын ичинде эле Элмирбек, Зайырбек… андан үч ай мурун Эрнис Асек уулу деген мыкты котормочу, акын досубуз бар эле, ал дагы 50гө жетип, жетпей кетип калды. Кыйын болуп калат экен… Ошондуктан, үч кураманы жон терим менен сезгенимди айтайын. Ыр жазып жүргөн кагылайын инилерим, мен силерге айтаар элем, билем, акын деген сентименталдуу киши болот, баарын жүрөгү менен кабыл алат. Зайырдай болбогула, карачы, Зайыр “Элмир, Элмир” деп эле артынын күйүттүн артынан кетип калды…

Кайсы бир мамлекетте 4 сап ыр жазган кишини: “Сен мамлекетке, биздин элге керексиң” деп учетко алып коет экен деп уккам, Прибалтикада өлкөлөрүнүн бирөөсүндө. 20,30 жылдан бери калем кармап жүргөн балдар, биздин эч кимге керегибиз жок экен, көрдүңөр, көрүп атабыз. Тирүүндө келип, “Ай бала, эмне кылып жатасың? Чыгарман кандай, эмне жазып жатасың? Тиричилигиң кандай?”,- деп эч ким сурабайт экен.Түшүнөм, дүйнө, байлык жыйгандарды, бирок, силердин байлык, бизнесиңер урук-тукумуңарга, бала-чакаңарга эле калат. Ал эми калем кармаган атуулдардын чыгармалары элге, улутка калат. Биз экономикабыз, саясатыбыз менен мактана албайбыз. Биз, чабал мамлекет болуп турсак дагы, биз, Айтматов Манас эпосу менен, адабият менен дүйнөгө тең ата боло алабыз. Акырында айтайын дегеним, калем кармаган балдар, кыздар өзүңөрдү сактагыла! Өзүбүздү сактабасак, бизди эч ким сактабайт!

…(Ыйлап) Эмне деп айтам, Заке, мен сага кантип топурак салам? Айла жок, айла жок…  Кош, Заке!

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты мезгилсиз дүйнөдөн өткөн мыкты журналист Зайырбек Ажыматовдун апасына, жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.