Видео — Ибраим НУРАКУН уулу: «Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү… Тиешелүү кызматкерлер кечирим сурайт деген үмүттөбүз»

Видео — Ибраим НУРАКУН уулу: «Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү… Тиешелүү кызматкерлер кечирим сурайт деген үмүттөбүз»

Кечээ, 1-майда премьер-министр М.Абылгазиевдин маалымат катчысынын жасаган билдирүүсүнө бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жооп кайтарды.

Анда маалыматта: “Кечээ күнү Өкмөт башчыбыздын маалымат катчысынын жасаган билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү. «Нарын дарыясындагы крокодил» деген мүнөздөмө эл өкүлү менен өкмөттүн ортосундагы азыркы дискуссияга эч кандай байланышы жок. Депутат 30-апрелдеги жыйында өкмөттөн өзү даярдаган токтом долбоорундагы айрым бир кемчиликтерге көңүл бурууну талап кылган. Өкмөттү түздөн-түз бекиткен бийлик бутагы катары эл өкүлдөрү ар дайым бул сыяктуу сындарды айтып келген жана мындан кийин да айта бермекчи. Жогорку Кеңештин депутатына Премьер-министр «токтомдо айтылган тармактардын тизмесин тактап беребиз» деп жыйын учурунда сылык гана формада жооп берген эле. Бирок, эртеси өкмөт башчынын расмий өкүлү тарабынан депутатты — эл өкүлүн келекелөөгө жол берилгени биз үчүн түшүнүксүз. Бул жагдайга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат же кур дегенде кечирим сурайт деп үмүттөнөбүз” деп жазылган.

Казакстандан көчүрүлгөн токтом…

30-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев Өкмөттүн өндүрүштү ишке киргизүү токтомун Казакстандан көчүрүп алганын айтып, айыбын ачкан. Эртеси, 1-майда премьер-министр М.Абылгазиевдин пресс-катчысы Адилет Султаналиев «24 kg» сайтына токтом уурдалбаганын айтып, депутат Каныбек Иманалиевге тийишип өткөн.

Төмөндөгү «Жалбырак ТВнын» тасмасынан көрсөңүздөр болот:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.