Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Маркумду узатуу зыйнатына коронавирус менен ооругандар да барып, башкаларга жуктуруп кетишкен”

Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Маркумду узатуу зыйнатына коронавирус менен ооругандар да барып, башкаларга жуктуруп кетишкен”

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин бүгүнкү 7-майга карата брифингдеги билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда бир сутканын ичинде коронавирус 24 адамга жукканы катталган. Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда — 12 адам. Республика боюнча жалпы саны 895ге жетти, алардын ичинен 637 бейтап айыгып чыгып, 12и каза болгон.

Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берди. Ага “№14 эмкананын дарыгери жана анын үй-бүлөсү коронавирус жуктуруп алганы чынбы?”,- деген суроо берилгенде, ал бул боюнча учурда эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, кандай шартта жуктуруп алгандыгы жөнүндө териштилип жатканын жана ары таркап кетпеши үчүн катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда абал боюнча берилген суроого ал жакта эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратканын билдирди.

Чаткалга маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Бишкектен дагы адамдар барышкан экен. Алардын ичинде коронавирус менен ооругандар дагы барып, вирусту жуктуруп кетишиптир. Жалпысынан 13 адамдан коронавирус табылган. Акыркы сапар зыйнатына катышкан бардык адамдардын аты-жөнү, дареги такталып, толугу менен көзөмөлгө алынды” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Видео — Нурболот ҮСӨНБАЕВ: “Маркумду узатуу зыйнатына коронавирус менен ооругандар да барып, башкаларга жуктуруп кетишкен”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.