Жунай МАВЛЯНОВ, согуштун ардагери: “Бир жолуңан миң кайталап өткүм келет, чөбүң түгүл ташыңы өпкүм келет”

Жунай МАВЛЯНОВ, согуштун ардагери: “Бир жолуңан миң кайталап өткүм келет, чөбүң түгүл ташыңы өпкүм келет”

Улуу Жеңишке 75 жыл! Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Эл агартуу тармагында 42 жыл эмгектенген фронтовик жазуучу

Баарына белгилүү болгондой, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жунай Мавлянов эл-жерин фашисттик баскынчылардан коргогон баатыр аталарыбыздын бири. Ал фронтко 1942-жылы жөнөп кетип, 1943-жылы Украинанын Запорожье аймагындагы  салгылашуулардын биринде бутунан оор жарадар болот. Госпиталдан дарыланып, айыккандан  кийин, 1944-жылы туулган жерине  кайтып келет.Согуштан кийинки оор жылдарда дагы мекенине талбай кызмат өтөп, эл агартууга, адабиятка эбегейсиз салым кошкон.

Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата Alakan.biz сайтыбызга фронтовик жазуучу өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача баяндаган “Менин таржымалым”  аттуу мемуарынан кыскартып беребиз.

“Чөбүң түгүл ташыңды өпкүм келет”

—Мен 1924-жылы төрөлүптүрмүн. Жылым-чычкан. Бирок документтеримде 1923-жылы болуп жүрөмүн. Анткени ошол кездеги жаштардын көбү сыяктуу эле мен дагы комсомолго тезирээк өтүш үчүн бир жыл кошуп алганмын.

Биздин айыл Аксы тараптан чыккан акындар Аркыт менен бирге ырга кошуп, бирок алиге чейин сыпаттап бүтпөй келатышкан Бозбу тоосунун алкымында жайгашкан. Ыр жазып жүргөн кезимде мен да айылыма арнап:

  • Бир жолуңан миң кайталап өткүм келет,
  • Чөбүң түгүл ташыңы өпкүм келет, — деген ыр саптарын жазган элем.

Айылыбыздын мурдагы аты — Ринжит. Азыркы аты-Кош-Дөбө. Тиги Үч-Коргондон бери кан жол менен келатып, Жийде-Белге жеткенде биринчи көзгө урунчу төөнүн өркөчүндөй жанаша турган эки дөбө бар. Кийинки жылдары кыштагыбыз ошолордун аты менен аталып калды”, — деп баяндайт. Ошол мезгилдеги бардык айыл-кыштак балдарындай эле мектепке кечигип кирдим, тогуз жашыман. Өзүбүздүн кичинекей кыштагыбызда мектеп болбогондуктан, беш чакырымча жердеги башталгыч мектепке төрт жыл жөө каттап окудум. Андан кийин райондун борборундагы интернаты бар орто мектепте да төрт жыл окудум. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына кирип, экинчи курс үчүн экзамен тапшырып аны бүттүм. Ал сессияда жүргөнүмдө согуш башталды.

Мугалимдик иши

—Ошентип, менин мугалимдик ишим согуштун башталышына туш келип калды. Адегенде райондун Авлетим айылындагы жети жылдык мектебинде иштедим. Жарым жылдан кийин айылга которулдум. Согушка мен 1942-жылы кетип, 1944-жылы оор жарадар болгондонкийин кайтып келдим. Кайрадан согуштун алдында жети жылдыкка айланган мектептен иштей баштадым. Жарым жылча окуу бөлүмүнүн башчысы, анан директор болдум. Бир кезде төрт жыл жөө каттап окуган мектебиме эми он бир жыл атчан каттап иштедим. Бу мезгилдин ичинде колхоздордун күчү менен (сельсоветтеги жалгыз жети жылдык мектеп болгондуктан ага беш колхоздон тең балдар келип окушчу) мектептин жаңы имаратын тургузууга жетиштим. 1951-жылы менин демилгем жана аракетим менен мектебибиз он жылдыкка айланды. Менин сунушум боюнча ага улуу Максим Горькийдин аты ыйгарылды. Ошону менен мен биринчи жолу көркөм сөз дүйнөсүнө, аны жаратуучуларга бала кезден келаткан ыкласмандуулугуму билдирип калгансыдым.

Арадан Жалал-Абадда ачылган мугалимдер институтун артыкчылык диплому менен бүтүп келдим (1948-50-жылдарда). Ошол эле жылы Фрунзедеги пединституттун үчүнчү курсу үчүн экзамен тапшырып, аны 1952-жылы ийгиликтүү аяктадым. 1955-жылы бир кезде өзүм төрт жыл окуп кеткен райондун борборундагы орус-кыргыз орто мектебине  директор кылып которушту. 1956-жылы ошол мен директор болуп иштеген Таш-Дөбө орто мектебинин базасында областтык биринчи мектеп-интернаты ачылды. Ага директор болуп калдым.

Мектеп-интернатка көп эмгек сарптаган

—Менин көп жылга созулган (албетте согуш, анан жогорку окуу жайларында өткөргөн жылдар да ошого кирет) педагогикалык ишимден Караван (азыркы Кербен шаары — ред.) мектеп-интарнатында өткөргөн он жылымды өзгөчө жылдар деп эсептеп жүрөм. Буга негиз: мектеп-интернат дегенде согуш маалында тумалай жана жарым жетим калгандар тарбияланышкан. Алар областтын бардык райондорунан, шаарларынан келгендер эле. Жети жаштан тартып кабыл алынган. Үч жүздөн ашык балдар жана кыздар. Демек, үч жүздөн ашык тагдырлар… Ал тагдырлар кийин «Менин күндөлүгүм» деген бир повестке, «Жаңы таң» деген романга араң батты.

Он жыл ичинде балдар үчүн үч кабат бир жатакананы, мугалимдер үчүн эки кабаттан үч үйдү, эки кабат окуу корпусун, жаңы ашкана, мончо, кампаларды, кир жуучу жана башка күндөлүк турмуш-тиричиликке керектүү жайларды курууга жетиштик. Балдарды окуу менен кошо эмгек жагынан тарбиялаш үчүн кыздарга ондон ашык тепме машинасы бар тигүү мастерскаясын, балдарга буюм-терим жасоого ылайыкташтырылган темирди жана жыгачты иштетүүчү бир нече станоктору бар жыгач жана темир устаканаларын уюштурдук. Он бир гектар жерге алма багын өстүрдүк. Мал күттүк. Жетимиш беш гектар жерди иштеттик. Жайында тарбиялануучулар эс алыш үчүн райондогу эң кооз жерлердин бири болуп эсептелген Падыша-Атадагы чоң суунун боюна жайкы лагерь курдук.

Ошентип менин 47 жылга созулган эмгек стажымын 42 жылы бир системада — эл агартуу системасында өттү.

“Мугалимдер газетасында” 17 жыл баш редактор болгон

—1966-71-жылдарда гана Кыргызстан жазуучулар союзунун секратары болуп иштедим. Бирок аны деле негизги кесибиме ыйгарып жүрөм. Анткеним, жазуучу да өзүнүн аткарган тарыхый миссиясы боюнча башкаларга таалим-тарбия берүүчү адам да.

1971-жылдан тартып кайрадан эл агартуу системасына өттүм, тагыраак айтканда, он жети жыл, 1971-88-жылдары, «Мугалимдергазетасынын» башкы редактору болуп иштеп келдим.

“Бизди акын-жазуучу кылган – бул согуш”

—Мени жана мага курбалдаш калемдештеримди жазуучу, акын кылган согуш деп айтып да, жазып да келатам. Жандүйнөнү астын-үстүн кылып таштаган окуяны баштан кечирмейин калемгер болуш кыйын. Биздин муун үчүн андай окуя — дээрлик төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуш болду.Чыныгы чыгармачылыкка 1961-63-жылдарда Москвадан Жогорку адабий курсту бүтүп келгенден кийин кириштим окшоду. Ага чейин үч гана ырлар жыйнагым («Жүрөгүм», «Аркыт гүлдөрү», «Мөл булак») чыккан эле. Алардан кийин кара сөзгө өттүм. Элүү жылга жакын убактан бери жыйырмага жакын китептин автору болууга үлгүрүптүрмүн. Алардын ичинде төрт роман («Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң», «Кайрымсыз жылдар»), он бешке жакын повесть жана башка аңгемелер, адабий макалалар, публицистикалар бар. «Ачык асман», «Бийиктик», «Жаңы таң» аттуу үч романым жана аңгеме, повесттеримин жыйнактары Москвадан орус тилинде жарык көрдү. «Ачык асман» романым тажик тилине да которулду, өзбек тилинде повестим чыкты. Айрым чыгармаларым украин, казак, француз, немис, англис, ж.б. тилдерге да которулду.

Алтоону арстан дейт экен

—Ата-энебиз көп перзенттүү болушуптур. Бирок туруп калганыбыз алтоо экенбиз: төрт уул (Темиркул, Субанкул, мен, Абиш), эки кыз (Каныкей, Бүзайнап). Үй-жайлуу, бала-бакыралуу болгонубуздан кийин деле апабыз кайсы үйдө отурса, тамак-ашты ошол жерге барып жеп-иччүбүз. Ошентип баарыбыз түгөл өзүн тегеректеп отурганга эреркеп кетеби же атайлап эле биздин көңүлүбүздү көтөргүсү келеби, апабыз кээде: «Алтоону арстан дээр экен, бешөөнү бекзат дээр экен, төртөөнү төрө дээр экен» деп жамактатып калар эле.

Биздин ата-энебиздин колунда чоң бийлиги, ашып-ташкан байлыгы болбосо да, ошол аймактагы элдин кадыр-барктуу адамдарынан эле. Акебизден (улуу агабыз чоң атабызды көргөндүктөн атабызды «аке» деп калыптыр. Биз да аны ээрчип «аке» дечүбүз) бизге өткөн негизги сапат деп анын өтө боорукердигин айтып жүрөбүз. А киши айрыкча жетим-жесирлердин үстүнө түшө калчу. Эшигибизге дубана келсе да аны үйгө кийирип чай бермейин кетирчү эмес. Биздин динге болгон сый-урматыбыз да ата-энебизден өткөн. Апабыздын кайратына таазим этип келебиз. Анысын Субанкул экөөбүздү кан майданга көз жаш чыгарбайузатканынан, анан акебиз каза болгондо байкадык. Жашыктыкты, жүүнү боштукту ал жаман көрүп өттү өмүрүнүн акырына чейин. Акебиз 1946-жылы 63 жаш курагында катуу оорудан көз жумду. Төшөктө жатканда «Кап! Жараткандан азыраак сураган экенмин да» деп анын башы-көзүн, колу-бутун ушалап кашында отурган апабызга айтканы алиге чейин биздин кулагыбызда. Андай арманынын себебин апабыздан кийин уктук. Көрсө, «Субашым менен Жунашым согуштан аман-эсен келип калышса, ошол күнү бул дүйнө менен кош айтышсам да ыраазы элем»  деп жүргөн тура жарыктык.

Апабыз 88 жыл өмүр сүрдү. Ошондуктан акебизге толук көрсөтө албай калган перзенттик кызматыбызды апабызга кошо көрсөтүп калууга аракеттендик. Эгер ал аракетибиз ишке ашып, алардын бизди торолтууга, тарбиялоого (акебизден да, апабыздан да журөккө так салган бир да сөз укпаптырбыз кийин ойлосок) зарпташкан эмгектеринин миңден бирин актап калган болсок, анда биз, алардын балдары жана кыздары, бул дүйнөдө бекер жашабаптырбыз деп айтууга акылуубуз.

Элге жана мамлекетке ыраазычылыгы

Мугалимдик жана жазуучулук эмгегим эл тарабынан да, мамлекет тарабынан да жогору бааланды деп ойлойм. Педагог катары «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордени, Республиканын Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйландым. “СССРдин эл агартуу отличниги”, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими” деген ардак наамдарга ээ болдум. Согуштагы эмгегимУлуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени жана бир нече медалдар менен белгиленди. Улуттук адабиятыбызга сиңирген эмгегим «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» деген жогорку наамга татыды. СССР жазуучуларынын Бүткүл союздук съездине эки жолу (1967, 1972-жылдары)катыштым. 1967-жылдан 1972-жылга чейин СССР жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын мүчөсү болуп жүрдүм. 1966-жылдан 1976-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү болдум. «Жалгыз бутактуу арча» аттуу повестим боюнча 1966-жылы азыркы белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев тарабынан телефильм тартылган. 1967-жылы «Нан» деген аңгемем союздук «Огонек» журналынын сыйлыгын алган (“Менин таржымалым”, 1993-жыл, Бишкек шаары).

Алган жары да жарашкан

—Жубайы Алпейим менен бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө катары өмүрүнүн аягына чейин 63 жыл чогуу жашашкан.  Алпейим апа  Жунай атабыздын чыгармачылыгы үчүн үйдө бардык шарттарды түзүп берген. Азыр алардын уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү жогорку окуу жайларынан билим алып, ар түрдүү кызматтарда иштеп жүрүшөт.

Элеси эч качан унутулбайт!

Жунай Мавлянов согуштун ардагери катары четөлкөлүктөрдүн сыйлуу коногу болгон. Ал 1995-жылы Улуу жеңиштин 50 жылдыгын майрамдоо үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаев менен бирге Франциянын президенти Франсуа Миттеран жана Англиянын королевасы Елизаветанын чакыруусу менен Лондон жана Париж шаарларында  майрамдык иш-чараларга катышкан.Ошол эле жылы 9-майда Россиянын президенти Борис Ельциндин чакыруусу менен Москва  шаарындагы Жеңиш парадына катышкан.

Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, жазуучу жана агартуучунун аты өзү 10 жыл директор болуп иштеген Аксы районунун Кербен шаарындагы лицей-интернатка жана Бишкек шаарында көчөлөрдүн бирине коюлган.

Белгилүү жазуучу жана агартуучу Жунай Мавлянов 2003-жылы 25-ноябрда жол кырсыгынан каза болгон.

Нурзада ЖОЛДОШБЕКОВА

СҮРӨТТӨР: Жунай Мавляновдун кызы Мавлянова Клариса Жунаевнанын үй-бүлөлүк альбомунан алынды.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.