Маршал Жуковдун колунан сыйлык алган Сейдибалы Турдугулов

Маршал Жуковдун колунан сыйлык алган Сейдибалы Турдугулов

Улуу Жеңишке 75 жыл! Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Турдугулов Сейдибалы Какен уулу Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айылында 1924-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал балалыгынан билимге умтулуп, күн сайын 6 чакырым жерди жөө басып кошуна айылга билим алганы келчү экен. А бирок ошол учурдагы бейпилдик, тынчтыкты бузган Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Сейдибалы ата 18 жашында өз ыктыяры менен майданга кетет. 1942-жылы Кызыл Армиянын катарында алгачкы даярдык мектебинде окуйт.

Район борбору Киров айылына жакын болгондуктан орус тилин жакшы билген Сейдибалы ата орус тилинен кыйналбай даярдыктан өтүп, биринчи Украина фронтунун 207-аткычтар дивизиясынын 234-аткычтар полкунун карамагына жөнөтүлөт да, ошол жактан согушка кирет.

Улуу Ата Мекендик согушта майдан тагдырын чечкен, Советтик Армия жеңиштеринин бурулуш башаты болуп берген Курск-Орёл багытындагы уруштарга катышат. Чынында эле тарыхта немистик баскынчылардын жана Советтик Кызыл Армиянын көп сандаган танктары катышкан айыгышкан бул кармаш жеңишти биз тарапка оодарган бурулуш кармаш болгон. Ушул салгылашта Сейдибалы ата да Кызыл Армия катарында миңдеген танкаларды кыйратып, түмөн немис баскынчыларын өлтүрүп чоң эрдик көрсөтүп командирлер алкоосуна татыйт. 1943-жылы 17-мартта Белград шаарын бошотууда үч жеринен оор жаракат алып, дарыгерлер жардамы менен аман калат.

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эркиндиктери үчүн 3-даражадагы “Даңк” ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени жана “Германияны жеңгендиги” медалы, баш-аягы сыйлык менен сыйланган. Бир жолку сыйлыгын маршал Жуковдун колунан алган.

Согуштан оор жаракат алып кайтып келет. Киров райондук советине ага инспектор болуп ишке кирет. Коммунисттик партия катарына өтөт. 1958-жылы республикада жаңы ачылган Кыргызстан Коммунисттик партиясынын алдындагы советтик партиялык мектепке өтүп, аны 1961-жылы ийгиликтүү аяктайт. Пенсияга чыкканча советтик партия кызматтарында иштейт.

Пенсияга чыкканча Советтик Кыргызстандын көптөгөн жаштарын ишке тарбиялайт. 2000-жылы, андагы ажо Аскар Акаевдин Жарлыгы менен Ардак грамотасы менен сыйланат.

Өмүрлүк жубайы Эсенкул кызы Эрке менен тогуз балалуу болуп, бактылуу өмүр сүрүшкөн. Балалыгынан эмгекчил, иштерман Сейдибалы ата пенсияга чыккандан кийин да арыдым-карыдым дебей Киров айылдык кеңешинин төрагасы болуп көп жыл эмгектенген экен. 2008-жылы 84 жашында көз жумган Сейдибалы атанын ысмы өзү туулуп-өскөн айылдагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.

Ушундай даңазалуу жоокердик жолду басып өткөн Сейдибалы атага терең таазим! Сиздер жасаган эрдиктер эч качан унутулбайт!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.