Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн»

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн»

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңишке 75 жыл болду. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин президент Сооронбай Жээнбеков майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен төмөндө:

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун эмгекчилери!

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүүдө.

Жеңиш күнү — кубаныч менен кайгы, күлкү менен көз жаш аралашкан, өткөн тарыхыбызды сыймыктануу менен эстей турган күн. 9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн. Ушул күнгө жетүү үчүн кандуу согушта 27 миллионго жакын советтик адамдардын өмүрү кыйылган.

Жалпы СССР элдери менен бирге, Мекенди коргоого кыргызстандыктар да түп көтөрүлө катышты. Согуш апааты Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлөнү жандап өткөн эмес. Ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган. Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон.

Бүгүн, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатып, согуш талаасында курман болгондордун элесине башыбызды ийип, таазим этебиз.

Жеңиш күнүн жакындатып, фронттогу зарылдыкты камсыз кылып турган энелерибиздин, ошол кездеги бели ката элек балдардын, оорукта күн-түнү иштегендердин эмгегине, кайратына терең ыраазылык билдиребиз.

Советтер Союзунун башка шаарларынан келген, ата-энесинен ажырап калган балдарды — апаларыбыз кучак жайып тосуп алып, өз баласындай багып алган.

Согуш мезгилинде биздин республиканын аймагына эвакуацияланган жарым миллиондон ашык жарандын көпчүлүгү Кыргызстандан экинчи үйүн тапкан.

Совет элинин баатырдыгы, анын биримдиги, өз мекенине чексиз берилгендиги — фашизмди жеңүүнүн чечүүчү фактору болгон.

Бүгүнкү урпактардын эркин жашоосу үчүн — аталарыбыз канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган.

Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты бүгүнкү Улуу Жеңиш күнүнүн 75 жылдык майрамы менен ардагерлерди жана ооруктун эмгекчилерин кызуу куттуктайт. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана эрдигиңиздерди эч качан унутпайбыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.