Роза Отунбаева туулган күнүндө берилчү гүлдестеден баш тартаарын билдирди. Эмнеге?

Роза Отунбаева туулган күнүндө берилчү гүлдестеден баш тартаарын билдирди. Эмнеге?

Экс-президент Роза Отунбаева 23-августта 70 жашка толот. Туулган күнүндө берилчү гүлдестелерден Роза Исковна баш тартаары тууралуу маалымат «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, экс-президент гүлдесте берүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, каражатты медайымдарга колдоо көрсөтүүгө жөнөтүү ниетте чогулган каражатты (100 сом болсо да) атайын эсепке которууну суранган.

Каалоочулар «Элсом» аркылуу 0552 25-25-99 номуруна акча которсо болот. Түшкөн каражат жана колдоо алган медайымдар тууралуу маалымат берилет.

Эске сала кетсек, Роза Отунбаева апрелде пандемияда иштеген дарыгерлерди колдоого 1 миллион сом, июлда Бишкектеги күндүзгү стационарга 150 миң сом, Талас облустук ооруканасына 150 миң сом, Нарынга 1000 беткап жөнөтүп, жардам кылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.