Кубатбек БОРОНОВ, премьер-министр: «Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырды деп айтуу азырынча эрте»

Кубатбек БОРОНОВ, премьер-министр: «Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырды деп айтуу азырынча эрте»

Өкмөт сасык тумоого каршы 700 миң доза вакцина сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, эмдөө каражаттарын сатып алууга 221,5 млн сом коротулган. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмары жана дарыгерлер эмделет.

Ал ээми премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырды деп айтуу азырынча эрте экенин баса белгилеп, коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөрүн кошумчалады.

Ошондой эле эмдөө маселеси Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында да талкууланып, элдин сасык тумоого жана респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетери айтылды.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 526 адамга жукту, алардын 40 158и айыкты, 1062 бейтап каза болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.