ВИДЕО — Калыйбек ТАГАЕВ: «Андагы «Элмиралар» азыр кемпир болду…»

ВИДЕО — Калыйбек ТАГАЕВ: «Андагы «Элмиралар» азыр кемпир болду…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз эл артисти, обончу, композитор Калыйбек Тагаевдин сөөгү,  Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Маркум 80 жашында 16-сентябрда каза болгон. Туугандарынын айтымында, узак оорудан улам көз жумган.

Калыйбек Тагаев 1940-жылдын 14-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылында туулган. 1961-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Ат-Башыдагы Ленин атындагы № 1 мектепте мугалимдиктен  (1961-1962-жылдары) баштаган. 1963-1969-жылдары Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1970-1974-жылдарга чейин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө билимин жогорулаткан. Андан соң, 1974-жылдан республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис катары эмгектенип, чыгармачылык жолун уланткан.

120дан ашык обон жаралып, ыр ырдалып…

Калыйбек Тагаев 120дан ашык обондордун автору болуп калың элге кеңири  таанылган. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын жети жолку жеңүүчүсү болгон. Анын алтымышка жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып, учурда ободо үзгүлтүксүз берилип келет. «Долон», «Сенин элесин», «Ат-Башым», «Элмира», «Назгүлүм», «Көл вальсы», «Ак куулар Көлдө термелет ж. б. ырлары элдик болуп ырдалып, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Маркум обончулуктан тышкары, өзүн актер катары сынап, көптөгөн ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган. Аны менен катар бир нече ирет спектаклдерге музыка жазган. Маданият жана кыргыз музыка искусствосуна кошкон салымы жогору байланып, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган.

Калыйбек ТАГАЕВ: «Элмиралар» кемпир болду…»

60 жылдан бери эл оозунда ырдалып келаткан «Элмира» аттуу ырын 20 жашында жазганын автор мааракесинде айтты эле. «Бул ырым аябай популярдуу болуп, ал учурда төрөлгөн кыздардын баарынын аты Элмира деп коюлган. Ошол Элмиралар азыр кемпир болуп калды«,-деп элди күлдүрүп, ырдап берген эле…

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.