МИЛИЦИЯ: «Республиканын» Кадамжайдагы штаб башчысы акча таратканы аныкталды

МИЛИЦИЯ: «Республиканын» Кадамжайдагы штаб башчысы акча таратканы аныкталды

«Республика» партиясынын Кадамжайдагы штаб башчысы суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы журналисттерге билдирди.

Айтымында, штаб башчысы суракка«добуш сатып алуу максатында адамдарга акча тараткан» деген шек менен чакырылган. Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Дамира Юсупованын «Азаттыкка» билдиргенине таянсак, 22-сентябрда Кадамжайдагы Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алдында штаб башчысы шайлоочулар менен жолугушуп, акча таратканы аныкталган. Бул факт «Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине» катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатыптыр…

Эске сала кетсек, буга чейин “Республика” партиясынын өкүлү белгисиз аялдарга акча берип жаткан видеотасма Интернетке тараган.

Анткен менен, добуш сатып алуу боюнча жалгыз «Республика» эле эмес,  Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан» сындуу партиялардын да аттары аталып келет. Албетте, алар муну четке кагышууда…

Көмүскөдө дагы башка канча партиянын кыӊыр иши калып келет…

Не болсо да, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.