Садыр ЖАПАРОВ: «Тилек Токтогазиевге Айыл чарба министри кызматын берейин, келсин!»

Садыр ЖАПАРОВ: «Тилек Токтогазиевге Айыл чарба министри кызматын берейин, келсин!»

Бүгүн, 7-октябрда, «премьер-министр» Садыр Жапаров журналисттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Ток этээрин айтканда, ал: «Азыр кызмат бөлүштүрө турган убак эмес. Суранам, мага жолтоо болбосоӊор, урматтуу журналисттер, жаштар жана саясатчылар. Келгиле, чогуу иштейли, кимиси кайсы кызматты сүйрөп кетсе берейин. Мисалы, Тилек Токтогазиевге Айыл чарба министри кызматын берейин. Элвира Сурабалдиева, Эркин Рыскулбековго жана башкасына… » деди. Журналисттердин: «Командаӊызда ким бар?» деп суроосуна, азырынча жалгыз экендигин, таӊдан бери учурдагы тийиштүү кызматында иштеп, ар кимге команда бергенин, алар да иштеп жатканын айткан. Президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп-жолукпаганын сурамжылашса, президентке жолуккан эмес, кокус чалып чакырса — жолугуп, сүйлөшө турганын, ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча, анын абактан бошотулушу туура эле болгонун, «калганын сот чечерин» билдирген.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев журналисттерге премьер-министр болуп иштеп берүүгө даярдыгын билдирген. Журналист, люстрациянын жактоочусу Эркин Рыскулбеков «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Садыр Жапаров Жээнбеков-Матраимовдор кланы менен сүйлөшүп алганын айткан. «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова да ушундай пикирде…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Садыр ЖАПАРОВ: «Тилек Токтогазиевге Айыл чарба министри кызматын берейин, келсин!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.