Митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбектин сөөгү Лейлекке жөнөтүлдү…

Митингде каза болгон 19 жаштагы Үмүтбектин сөөгү Лейлекке жөнөтүлдү…

Талант Өмүралиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: «Пока там делят власть, родные оплакивают смерть 19-летнего парня. Он был на площади, пришел за свое будущее, за будущее страны. Шумовая граната разорвала ему ноги» деп жазып, маркумдун сүрөтүн жайгаштырды. Анын постунун алдына митингдеги кагылышууда көз жумган ошол жаш баланын аты Үмүтбек экенин, анын сөөгү кичи мекени Лейлекке жөнөтүлгөнүн Фейсбук колдонуучулары жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингде оор жаракат алган бир адам каза болгонун, 590 киши ар түрдүү жаракат алып, 439уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, 150 киши ооруканага, 13 киши оор абалда реанимацияга жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Оор жаракат алгандардын арасында 19 жаштагы Үмүтбек да болгон. Анын эки бутун жардыргыч жулуп кеткен.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия катышып, 4 партия өтүп, шайлоо жыйынтыгына нааразы калган 12 партиянын лидерлери жана тарапкерлери эртеси, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтына жыйылып, добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Түн бир оокумга чейин милиция жана митингчилердин тирешүүсү болуп, 03.30да Ак үй , кийин УКМК басып алынып, камакта отурган А.Атамбаев, А.Ибраимов, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев жана С.Жапаров бошотулган. Кагылышууда жаракат алгандар көп болуп, 19 жаштагы бала каза болгон.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты он эки гүлүнүн бири ачыла электе, адилеттик табам деп барып аянттан катуу жабыркап, бейажал кеткен маркум Үмүтбектин ата-энесине, бир туугандарына, жакын туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшөт. Кайрат кылыӊыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.