Садыр ЖАПАРОВ: «Раим-миллион» камалат!»

Садыр ЖАПАРОВ: «Раим-миллион» камалат!»

Бүгүн, 8-октябрда, кечке маал Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында билдирүү жасады. Анда анын ишине саясатчылар тоскоол болуп жатканын айтып, бир топтордун атын атаган. Ошондой эле айрым журналисттердин капчыктууларга иштеп, ал тууралуу жалган жазып жаткандарын, алардын жакында аттарын атаарын айткан. «Садыр Жапаров Матраимовдор жана Жээнбековдор менен байланышта» деп жазып жатасынар. Мен эч кимиси менен сүйлөшкөн эмесмин. «Раим-миллион» камалат. Мен азыр толук ишке кирише элекмин. Киришкенден кийин камалат.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Жыйын аягында Мыктыбек Абдылдаев Садыр Жапаров соттон толук акталгандыгын айтып, куттуктаган. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы айтылган эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.